www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ставрополдо аябай катуу мас болуп калган балыкчы "русалкаларга" сазга кеткен боюнча кайтып келген эмес. Анын өлүгүн 3 күн өткөндөн кийин табышкан.

Окуя болгон күнү эки балыкчы дос балык уулоо үчүн саздак болуп калган көлмөгө келишкен. Алар балык уулоодон мурун алкогол ичимдиктерин жакшылап ичип алган.

Ичип алган балыкчы достордун бирөөсүнүн көзүнө көлмөдө русалкалар чакырып аткандай элес көрүнгөн. Шериги токтотуп досун артка кайрып алууга аракет кылган. Досу сөзүн укпастан мен русалка менен жетелешип кетип баратам деп көлмөнүн түбүнө чөгүп кеткен. Досун издегени менен жыйынтык чыкпасын билип жардамга айланадагыларды чакыра баштаган. Ошентип русалкалар сүйрөп кеткен балыкчынын денесин 3 күн дегенде араңдан табышкан.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости