www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кримлөк Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошотуу ишине аралашкандар тууралуу "Майдан.kg" гезитине жарыяланган макаланы айрым кыскартуулар менен "NazarNews" маалымат агенттиги окурманыбыздарга сунуштайбыз. 

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын мурдагы төрагасы, учурдагы ЖК депутаты Зарылбек Рысалиев да тергөө менен кызматташууга макул болгон 14 фигуранттын бири. Бирок ал СИЗОдо отурган жок, ИИМ аны бир сутка да кармабады.

Анын Батукаевди мыйзамсыз бошотуу боюнча авантюрага аралашуусу ошондогу президент Алмазбек Атамбаев менен сүйлөшүүсүнөн кийин башталган.

Болжол менен 2013-жылдын мартында ал ЖАМКнын төрагалыгына дайындалгандан кийин президент Алмазбек Атамбаевге түз телефон чалууну чечет. Анда ал ЖАМК кызматкерлери үчүн госпиталь ачуу маселесин койгусу келген. ИИМ, УКМК, Коргоо министрлигинин өздөрүнүн госпиталдары бар, ал эми ЖАМКныкы жок эле. Госпиталь ачуу маселеси жөн жерден чыккан эмес, ЖАМКнын кызматкерлери дайыма кургак учук ж.б. жугуштуу оорулар менен оорутан жаза өтөөчүлөр менен байланышта болушат...

Президент генерал Рысалиевди аягына чейин укпай, "Зарыл, башка жолу сүйлөшөбүз, мен сени өзүм чакырам, - деген жообун берип, бир жакка шашылып атканын билдирет. - Сен ал жактагы оперативдик абалды жакшылап көзөмөлдө, айрыкча ОПГ лидерлерин", - деп кошумчалайт президент.

Андан бир канча күн өткөндөн кийин жолугушуу болуп, анда Атамбаев кайрадан ОПГ лидерлери тууралуу сөз кылат. «Абактарда кримавторитеттер кандай отурушат,- деп сурайт Атамбаев. "Аларды колдон келишинче көзөмөлдөп жатабыз",- деп жооп берет Рысалиев. Анан Атамбаев: «Сен билесиңби, сени ведомствоц боюнча өкмөттүк деңгээлде иш чара белгилеп жатабыз", - деп күтүүсүздөн сөздү улайт президент. Рысалиевдин билбей турганын уккандан кийин: "Убагы келгенде билесиң, ал иш сенин авторитеттериңе байланыштуу" - дейт Атамбаев.

Рысалиевдин айтымында, кырдаал ага ЖАМКга Нарындагы №4 СИЗОдо жаза мөөнөтүн өтөп жаткан Батукаевдин тадыры боюнча удаама удаа каттар келе баштаганда белгилүү боло баштайт. Кримавторитеттин карындашы Яха Батукаевадан, Акыйкатчы Турсунбек Акундан, медиктерден ж.б. келген каттар. Батукаевди бошотуу үчүн ишке ашырылчу "атайын операциянын" жыйынтыктоочу фазасы ушундайча башталат.

Эскерте кетсек, "атайын операцияга" өзүнүн катышуусун Зарылбек Рысалиев ушундай өңүттө айтып берген.

Бирок айыптоочулардун бүтүмдөрүндө, Рысалиев өзүнүн аракеттерине мыйзамдуу түс берүү үчүн Я, Батукаеванын, ТАкундун, ЖАМКнын төрагасынын (так айтканда, өзүнө өзү) атына каттарды жөнөтүүнү уюштурган. Ал каттарда Батукаевдин катуу оорулуу экендиги, аны бошотуу керектиги айтылган.

Мындай карама каршылыкта таң каларлык деле эч нерсе жок. Тергөө менен кызматташкан ар бир фигурант тергөөдө көптөгөн кызыктуу нерселерди айтып беришкен. Бирок ошол эле кезде өздөрүнүн "атайын операцияга" катышууларын өздөрүнө ыңгайлуу өңүттө берүүгө аракеттенишкен. Мажбурлоо жолу менен аралашып калгандарына ишендирүүгө аракет кылышкан. Же болбосо мамлекеттин кызыкчылыгындагы ишти аткарып жатышкандарына ишеним болгондуктарын айтышкан.

Кылмышкер Батукаевди мыйзамсыз бошотуудан Кыргызстан кандай пайда көргөн?

Рамзан Кадыров жана анын жакыны Адам Делимханов менен сүйлөшүү болгонун, ага ылайык, чечен тараптан Батукаевдин ордуна Жаныш Бакиевдин бериле турганы жөнүндө "атайын операциянын" катышуучуларынын баары эле билишкен эмес. Бул фигуранттар-ңдын көрсөтмөлөрүнөн улам белгилүү болгон. Ал жөнүндө саналуулар гана билишкен. Калгандарына башка себептер айтылган.

Президент Атамбаев ЖАМКнын төрагасынан абактардагы кримлөктөрдүн жашоосуна, алардын тагдырларына кокустан эле кызыккан эмес. Батукаевдин бошотулуусу абактардагы чыңалууну төмөндөтө тургандыгы жөнүндөгү идеяны ага Шамиль Атаханов берген (эскерте кетсек бул "боткону" дал ушул Атаханов чалган).

Тергөөнүн жүрүшүндө Атаханов шектелүүчү Атамбаев менен жолугушуп, анда төмөнкүлөрдү айтып берген: "Мен президент Атамбаевге колум жок катты бергем, анда Кыргызстандагы криминалдык абалда Батукаев кандай роль ойной турганы боюнча маалымат бергем. Кырдаал Батукаев менен Көлбаевдин топторунун ортосундагы тирешүүдөн улам чыңалып жатканын белгилегем. Ошондой эле Батукаевдин кылмыштуу дүйнөдөгү таасири чоң экенин да кошумчалагам. Анан далили катары 2011-жылы ал Кыргызстандагы бардык абактарда өлкөдөгү ОПГ менен күрөштү күчөтүүгө каршы уюштурган бунтту эске салгам. Конфликтти жөнгө салууга мүмкүн болгон, бирок Батукаев зонадагы авторитетин бекемдеп алды. Ушул конфликтке байланыштуу мен Батукаевди Чеченстанга экс-традациялоого макул болгом".

ЖАМКнын мурдагы төрагасы Зарылбек Рысалиевдин көрсөтмөсүнө келсек. Анын айтымында, медиктер алгач анын ведомствосундагы Батукаевден бошотууга мүмкүндүк берүүчү онкологиялык ооруну табышкан эмес. Ал бул тууралуу Атамбаевге билдирген, мындай жанылык ага жаккан эмес.

"Саламаттыкты сактоо министрлигинде республикалык деңгээлдеги профессорлор, академиктер бар, - дейт Атамбаев. - Ошолор Батукаевди текшеришет, а сен ЖАМКнын дарыгерлери менен кийлигишпей эле кой. Сага Батукаев керекпи же ЖАМК системасындагы абалдын тынчтыгы керекпи?" Расалиев: Абалдын тынчтыгы керек", - деп президент менен макул болот.

(Уландысы бар)

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости