www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сохтун жетекчилери "Чечмеде" мыйзамсыз топографиялык сьёмка жасагандар үчүн кечирим сурашты. Бул тууралуу NazarNews маалымат агенттигинин окурмандары билдиришти.

“Кечээ, 23-июнда Өзбекстандын топографиялык тобу келип, ээн-эркин чек арадан өтүп “Чечме” булагын сьёмкага тартышкан. Бүгүн биздин жетекчилер Кадамжайда Сохтун жетекчилери менен жолугушуу өткөрүштү. Биздин айыл башчылар булакка алып барышып, аларга болгон окуяны айтып беришкен.

Анда Сохтун жетекчилери топографиялык иш-аракеттерди мыйзамсыз жүргүзүшкөнү үчүн кечирим сурашты. Биздин жетекчилер экинчи ирет мындай иш-аракет кайталанбасын деген талаптарды коюшуп, атайын келген топту жоопкерчиликке тартууну айтышты. Ал эми өзбек тарап алар жазалана турганын билдирди. Ал топ жазага тартылабы же жокпу бизге белгисиз.

Бирок эл жетекчилердин реакциясына жана кадамына кубанып жатабыз. Учурда абал туруктуу, эки тараптын тең делегациялары кетишти”, - деди биздин маектеш.

Буга улай Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы жогорудагы маалымат жөнүндө билдирүү таратты.

Мекеменин айтымында, бул окуяга байланыштуу бүгүн Кадамжай районунун Чечме айылында эки өлкөнүн чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу болуп өттү.

«Сүйлөшүү учурунда өзбек тараптын аракеттери талкууланды. Кыргызстан, өлкөнүн тийиштүү бийлик органдарынын макулдугусуз бул аймакты топографиялык сүрөткө түшүрүүгө, видеого тартууга жана башка жумуштарга жол берилбейт деп билдирди. Жолугушуунун жыйынтыгында мамлекеттик чек аранын кыргыз-өзбек участогунда жүргүзүлүп жаткан иш-аракеттер жөнүндө тараптарды координациялоо жана алдын-ала маалымдоо жөнүндө чечим кабыл алынды. Жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү», — деп айтылат билдирүүдө.

Эске сала кетсек, кечээ, 23-июнда “Чечме” булагына Өзбекстандын топографиялык тобу ээн-эркин кирип келишкен. Бул жергиликтүү тургундардын нааразычылыгын жараткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости