www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Маркум, кыргыздын чыгаан уулу, 42 жашында ууланып каза тапкан Сатыбалды Жээнбековдун бейнесине арналган журналист, театр сынчысы Жаныш Кулманбетовдун 1984 жылы май айында жазылган эскерүүсүн NazarNews маалымат агенттиги окурмандарыбызга жарыялайбыз.
Диктордук кесип өзгөчө кесип. Диктор бүтүндөй элдин өкүлү, анын сыймыгы. Биз диктордун үнү аркылуу бүткүл жер жүзүндөгү, кең өлкөбүздөгү, күнөстүү жергебиздеги жашоо-турмуштан, өтүп жаткан окуялардан, мезгилдин тамыры кантип кагып жатканынан кабардар болобуз. Диктордун үнү аркылуу бир тууган коммунисттик партиябыздын маанилүү документтерин материалдарын, майрамдык салтанаттуу чакырыктарыy угабыз. Диктор жаңылыктын жарчысы. Улуу Ата Мекендик согуш мезгилинде Ю. Левитандын үнү советтик адамдардын демине-дем кошуп, үзүлбөг\н үмүт отун тутантып, жеңишке шыктандырган.
Кең өлкөбүздүн диктордук үй-бүлөсүн кыргыз дикторлорусуз элестетүү мүмкүн да эмес. Ушул тапта кыргыз радиосу менен телевидениесинин уктуруулары, көрсөтүүлөрү А. Ниязов, П. Норузбаева, Б. Акматов, З.Мамбеталиева, Б. Акматов, З. Мамбеталиева, Ж. Ашымов, З. Абдубачаев, М. Булатова, В. Ровинский, Л. Кварцехелия, Б.Мамытов сыяктуу дасыккан дикторлордон тартып Г. Молдоева, С. Жээнбеков, Т. Алсеитова өңдүү жаштардын үндөрү менен жаңырып, «узун элдин учуна, кыска элдин кыйрына» жетүүдө.
Ушул аталган фамилиялар ар бирибиздин кулагыбызга өтө жылуу учурап, эфирден жаңырган үндөрү жагымдуу таасир калтырат. Булар эфирге чыкканда ар бирибиздин көңүлүбүз бурулуп, кулагыбыз төшөлүп, карегибиз кадалат. Мына ушул сыймыкка арзыган чакан үй-бүлөнүн мүчөлөрүнүн бири, ардактуу кесиптин ээси Сатыбалды Жээнбеков.
Бул жигиттин көгүлгүр экрандан көрүнө баштагынан бери аз гана мезгилдин жүзү өтсө да ар бирибизге эчактан берки таанышыбыздай туюлат. Анын жасымдуу коңур үнү, салабаттуу жүзү көбүбүздүн дилибизге жуурулуп кеткен.
Кээде биз — басма сөз кызматкерлери, кесибинин үзүрүн көрүп, эл оозуна алына баштагандар жөнүндө жазганыбызда, ушул кесип анын бала кезинен зле жүрөгүн уялап келген деген дежур сүйлөмдү пайдалана коёбуз. С. Жээнбоковдун диктор болуп калышы бул сыяктуу шаблонго баш ийбейт, башкача айгканда бала кезинен көксөгөн тилегинин натыйжасы деле эмес.
Ал дикторлук кесипке ак боз ат минген отуз жаштын кырына келгенде гана ооду...
1969-жылы Сузак районундагы Кызыл-Пахтачы орто мектебин бутүруп жаткан уланга дикторлук кесип үч уктаса түшүнө кирбеген. Максаты орус тилин үйрөнүп, мотурайган балдарга өз билгенинен бөлүшүү — мугалим болуу эле. Тилеген тилеги ишке ашып, ал 1973-жылы Мичуринск шаарындагы педагогикалык институтту орус тили боюнча бүтүрүп чыгат. Өз алдынча иш жүргүзүүнүн татаал жолуна түшкөн Сатыбалды, адегенде туулуп-өскөн районундагы Пушкин атындагы сегиз жылдык орус мектебине орус тили боюнча мугалим болуп орношуп, кийинчерээк ушул эле мектептин директорлугуна чейин көтөрүлөт.
Ошол мектепте иштеп жүргөн мезгилде алгачкы ирег «эфирге чыгат». «Эфирге чыгат» дегенибиздин жөнү мындай. Мектепте окуучуларга орус тилин интенсивдүү жол менен үйрөтүү үчүн гехникалык каражаттар жетишээрлик абалда пайдаланылчу. Орусча сөздөр окуучулардын кулагына тезирээк жат болуш үчүн магнитофондун жардамы чоң эле. Сатыбалды орус акындарынын ырларын магнит тасмага өзү окуп жаздырып, анан окуучуларга угуза турган. Анын «эфир» менен тааныштыгы ушинтип башталган. Ошондо да анда диктор болуп калам го деген ой жок эле. Тек гана өз кызматын абийирдүүлүк менен өтөөгө умтулчу...
Турмуш жолу күтүүсүз чечимдерден, өзгөрүүлөрдөн турат тура. Дилин уялаган кесиби менен биротоло кош айтышып, Сатыбалды кыргыз радиосунун босогосун аттады. Болгондо да сөзсүз диктор болуп каларына көзү жеткендиктен эмес, таалайын сынап көрүү үчүн тобокелге салды, үнүн сыноого койду. Отуздун кырына келип, турмуштун ачуу-таттуусунун даамына сугарылган жигиттин үнү абройлуу комиссиянып купулуна толду. Ушул мезгилден тартып анын таржымалында жаңы барак ачылды. Андан бери бар болгону эки жылдан бир аз эле ашыгыраак мезгил өттү. Бирок адамдын өмүрү, кылган иши убакыт менен эмес, натыйжалуулугу менен елчөнөт тура. С. Жээнбеков ушул тапта кырсыз радиосу менен теловидениесинин ортон колдой диктору.
С. Жээнбекгжго чейин кыргыз телевидениесинде (эркек дикторлордун арасында) эки тилде сүйлөгөн диктор болгон эмес. Мына ушул жагдайдан алганда ал эки тилде сүйлөгөн эркек дикторлордун төл башы болуп калды. Кыргыз дикторунун орус тилинде да эркин сүйлөп, көрсетүүлөрдү жогорку деңгээлде алып барганы тек гана жекече мааниге ээ эмес, элибиздин маданиятынын бийиктеп жаткандыгын айгинелеген дагы бир жүрөк жылытарлык, кубанычтуу факт. Диктор эфирде окуп жаткан тексттин шатыратып супсак окуса угуучулардын да, көрүүчүлөрдүн да акыл-сезимине анча таасир бере албайт. Ооздон чыккан ар бир сөз, мейли сулсак канцеляриялык формада болсун, мейли жалаң гана сандардан, аттардан турсун сөзсүз диктордун каны-жаны аркылуу өтүп, боюна тараганда гана анын маңызы ар бирибизге айкын болуп, жүрөгүбүздү толкутуп, акыл-сезимибизди дүрбөтөт. Сатыбалдыда дал ушундайча ыкластуулук бар. Анын эл оозуна тез алынып кеткенинин сыры да ушунда. Бул менин гана баамым. А балким анын менин баамыма илинбеген башка да касиеттери бар чыгар...
Кеч кирип, үйлөрдө шамдар жагылат. Ар кимибиз кереметтүү кутучанын боюна ток жиберип коюп, кулагыбызды төшөп, карегибизди кадайбыз. Көгүлжүм тарткан экрандан көз айнекчен тааныш жүз керүнүп, коңур үн жаңырат. Ал — диктор...
Жаныш Кулмамбетов, 1984-жыл
Булак: NazarNews.kg