www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Аида Исмаилова «Бишкек» эркин экономикалык аймагындагы бир жолу колдонулуучу беткаптарды чыгаруу боюнча цехтин ачылыш салтанатына катышты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

«Пандемия шарттарында чек ара жабылгандыктан улам импорт кескин кыскарып, ата мекендик өндүрүштү өнүктүрүү өтө актуалдуу болуп калды. Биз экономикабызды өнүктүрүүгө ата мекендик инвестицияларды тартууну, өлкөбүздө чыгарылган продукцияларды жакынкы жана алыскы чет өлкөлөргө, айрыкча Евразия экономикалык бирлигинин рынокторуна экспорттоого өбөлгө түзүүнү колдоого алабыз. Өндүрүштүн баштапкы баскычында 25 жумуш орду түзүлгөн, мындан ары кызматкерлердин штатын жана чыгарылган өндүрүмдөрдүн түрүн көбөйтүү аркылуу өндүрүштү кеңейтүү пландалууда.

Ишкана сапаттуу продукцияларды өндүргөн ишенимдүү өндүрүшчүлөрдүн катарын толуктоосун, өндүрүштү өркүндөтүп жана өлкө үчүн ийгиликтүү иштеп берүүсүн каалайм», - деди Аида Исмаилова.

Белгилей кетсек, ата мекендик ишкерлер 160 миң АКШ доллары турган беткап чыгаруучу заманбап жабдууларды сатып алып, орнотушкан. Өндүрүштүн болжолдуу көлөмү - суткасына 50-60 миң даана беткап чыгарат. Беткаптар FRR1 тиби боюнча EN149:2001 европа стандартына дал келет. Толук автоматташтыруу, анын ичинде беткаптарды автоматтык түрдө таңгактоо жана стерилдөө өндүрүштүн өзгөчөлүгү болуп саналат.

Бул долбоордун башкы милдети өлкө калкын сапаттуу жана жеткиликтүү баадагы бир жолу колдонулуучу медициналык беткаптар менен камсыздоо болуп саналат. Ошондой эле FFP3 стандарты боюнча № 95 респираторлорун чыгаруу пландаштырылууда. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости