www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бираз мурда белгилүү болгон ИИМдин Баңгизаттын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүү боюнча кызматынын башкармалыгынын башчысынын орун басары (Б.Н.) жана башкармалыктын ыкчам кызматкеринин (Р.М.) ортосунда чыккан чырдын чоо-жайы аныкталды. 

12-октябрь күнү болжол менен саат 11:15те Р.М. (ыкчам кызматкер), Б.Н. (орун басар) менен кызматтык мамилени чечишүү үчүн иш бөлмөсүнө келип, алардын ортосунда кайым айтышуу башталып, башка кызматкерлердин талабы менен Р.М. өзүнүн иш бөлмөсүнө кеткен. Андан кийин Б.Н. уставга туура келбеген окуяга чара көрүүсү үчүн Баңгизаттын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүү боюнча кызматтын башкармалыгынын жетекчилигине барган. Бирок териштирүү учурунда иш бөлмөлөрдүн биринде куралды этиятсыз колдонуудан улам Б.Ндин сыйлыкка берилген куралынан ок чыгып, ок жерге атылган", - деп билдиришти аталган кызматтан.

Учурда иштин себеби билинип кызматтык иликтөө уланууда. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости