www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бангладешке тынбай нөшөр төгүп, жер көчкү жүрүп кетти. 61ден кем эмес киши курман болуп, ондогондор дайынсыз болууда. Жергиликтүү бийлик курман болгондордун саны кыйла көп болуп кетеби деп кооптонуп турган кездери. Куткаруучулар, суу каптаган райондорго жетүүгө аракеттенип, жеп көчкүнү тазалоо менен алек. Кээ бир райондордо электр жарыгы өчүп, мобилдик байланыш жок болууда. Өлкөнүн борбору Даккеде жана башкы порт шаар болгон Читтагонгдо транспорт кыймылы бузулду.

Бангладеште нөшөрлөгөн муссондордун мезгили июндан сентябрга чейин уланат. Нөшөрдүн айынан жер көчкүлөр болуп, адам өмүрүн алып кеткен учурлар кездешип эле жүрөт.

2007-жылы Читтагонгдо көчкү жүрүп, 130 кишинин өмүрүн алган эле.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости