www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Алдамчылыкка шектелген Өмүрбек Текебаевдин ишине байланыштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун мурдагы төрагасы Шералы Абдылдаевге издөө жарыяланып, Шералыга Кылмыш кодексинин 303-беренесинин 1-пунктуна ылайык коррупция боюнча айып тагылды.
Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен баш коргоо чарасы катары ага карата камоо чечими кабыл алынды. Бирок, бүгүнкү күнгө чейин табыла элек, чамасы Текебаев камалганда эле дароо из жашырган окшойт.
Эсиңиздерге сала кетсек, Шералы Абдылдаев «Ат Мекен» партиясынын белдүү мүчөлөрүнүн бири болгон. Апрель революциясынан кийин Маммүлктү башкарып, партиянын ишине салымын кошкону айтылып келет. Бир нече жылдан бери чуусу чыккан партиянын өкүлдөрү былтыртан бери камалып баштады, бүгүн белдүү лидерлиринин үчөөсү түрмөдө күн кечирүүдө.
Булак: "Мантыш"