www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Убактылуу Өкмөт башчылары камалып, качып, тозуп жүргөн убакта, сыйкырчы “Сүф” дей койгондой эле бийликте пайда болушкан. 2010-жылы 7-апрелде БЭКке катуу таарынып жүргөн Темир Сариев Москвадан учуп келип, Ак үйгө барып премьер –министр Данияр Үсөнов менен элден жашынып сүйлөшүүлөрдү жүргүзө баштайт. Элге барып тайгаланып жыгылып КАМАЗдын үстүнө чыгып пикирин айтайын дегенде, Ак үй алдында чогулгандар кубалап түшөт. Темир Сариев учакта жүрүп бийликти алмаштыргансып, ошол күнү кечинде Бекназаров, Атамбаев, Булекбаев, Жекшенкулов сыяктуу БЭКтин лөктөрүн катыштырбай, өз алдынча Убактылуу Өкмөттү түзүп, өзүнө финансы, экономика министрин ыйгарып алат.  Андан соң колу туткак Темир Сариев өчү бардай мамлекеттик акча каражатын ашаганга өтөт. Ушул жерде бир гана фактыга кайрылалы. Банк ячейкасынан Убактылуу Өкмөт мүчөлөрү ким канча акча алган?

Банк ячейкасындагы 21 миллион 500 миң долларды КАМАЗ толтура жүктөп келишет. Бул акчадан “ооз тийсин” деп Убактылуу Өкмөттүн төрайымынын биринчи орун басары Атамбаевди күтүшөт. Чындык үчүн айтыш керек Атамбаев Элмира Ибраимова менен келет да, “ооз тийишип” 100 доллардан гана алышат. Убактылуу Өкмөттүн Финансы министри Темир Сариев ары-бери чуркап жанын кейитпей эле долларларды өзү каалагандай бөлүштүрө баштайт. Мурунку бийликке козголгон кылмыш иштерге байланыштырып, элдин мүлкүн бекер аштай көрүп эле мамилелештерин май-талканга бөлөгөн. Ушунун ичинен 7 миллион долларын мамлекеттик кырдаалды жөнгө салууга деп чыгышталууга тийиш болсо, анын 3 миллион 327 миң  95 доллары гана мамлекет органдарына жана атка минерлерге жеткен. Бирок каражат кайда сарпталып жатканы көзөмөлдүккө алынган эмес.

Темир Сариевди Бишкектин экс - мэри Иса Өмүркулов ресторанга алып барып сый көрсөткөнү бар. Финансы министрлеринин өзү тойсо да көзү тойбойт эмеспи. Темир Сариев аны жөн калтырган эмес. Алгач эле Иса Өмүркуловго 100 миң доллар, Бишкектин Ленин районунун элдик кошуунуна 15 миң долларды банк ячейкасынан алып берет. Бишкек мэри Өмүркулов жеке буйругу менен өң тааныш 21 жеке адамга бакстарды бөлүп берет. «Журт алган куруттан, жуда мени куруткан»-деп Убактылуу Өкмөттүн төрайым орунбасары Өмүрбек Чиркешович 2010-жылдын 13-июнунда буйрук менен 20 миң доллар алган. Эмнеге көзүнө  жакшы көрүнүп кеткени белгисиз Базар-Коргондук жердештери, «Ата-Мекен» партиясынын мүчөлөрү Олжобай Боронбаев, Сайдулла Нышанов дегендерге 5 миң доллардан берсе, Базар-Коргондун акимине калганын кармата берген.

Андан тышкары бирде митингчи, бирде антимитингчи, Убактылуу Өкмөт мүчөсү, ошол мезгилде Башкы токойчу болуп турган Топчубек Тургуналиев «Манастан Чубак кем бекен» - деп банк ячейкасынан 5 миң доллар алып, «Эркиндик» партиясынын 4 мүчөсүнө берген.

Мамлекеттик каттоо кызматы банк ячейкасынан 120 миң доллар алат. Бул доллардын 20 миңин ошол мезгилдеги Мамкаттоонун жетекчиси, убагында Нарындын «Ата-Мекенин» жетектеген Алмамбет Шыкмаматов шык чөнтөккө салып, Нарынга алып кеткен. Жалал-Абаддын ошол мезгилдеги айбаттуу губернатору, Үсөн Сыдыков менен Исхак Масалиевди топуракка оонаткан Бектур Асанов 100 миң доллар менен жүзүн аарчыган. Канчасы «магырычка» кеткени белгисиз.

Темир Сариев Кеңешбек Дүйшөбаев башында турган Коопсуздук  кызматына 900 миң доллар уячадан алуусуна уруксат берет. Коопсуздук Кеңешинин ошол мезгилдеги катчысы Алик Орозовго уячадан атайын операция үчүн 100 миң доллар берилет. Орозовдун оозу Ошту карабай эле, папкеси Пакистанды көздөй учуп, операция ишке ашпай калат. Анын 43 миң доллары Башпрокуратурага кайтарылганы менен, 57 миң доллары бир спецназды жана күжүрмөн даярдыктагы белгисиз, аты-заты жок үч топту түзүүгө жумшалды деп «омийн» болгон. Коргоо министри Исмаил Исаков банк ячейкасынан 250 миң доллар алган. Анын  100 миң доллары Коргоо министрлигине берилип,150 миң доллар министрдин жардамчысына берилген. Бул каражаттар Коргоо министринин буйругу менен түштүк аймактагы  аскер бөлүктөрүнүн командирлерине, күч органдарынын жетекчилерине, үч облустагы ооруканалардын башкы врачтарына жана губернаторлорго бөлүнүп берилген. ИИМге 1 миллион 300 миң доллар берилип, анын 177 миң доллары жана 274 миң сому кайтарылып берилген. Байтемир Ибраев жетектеген Баш прокуратура деле банк ячейкасынан кур калбай 50 миң доллар алып пайдаланылбаган каражаттын кайтарылганы белгисиз. Өзүнө -өзү кайтармак беле. Убактылуу Өкмөттүн тобокелдиктер менен иштөө тобунун жетекчиси Чолпон Ногойбаева банк ячейкасынан 25 миң 555 доллар алса, банк ячейкасынан Жалал-Абад мэриясы 100 миң доллар алган. УӨнүн маалыматтык-координация борборунун жетекчисинин орун басары Роза Даудова 8 миң 500 доллар алып, Ош менен Жалал-Абадда пресс-борборлорду ачууга жумшадым деген.

Убактылуу өкмөттүн 2010-жылдын 13-майындагы  буйругу менен аппарат жетекчиси Эмилбек Каптагаев 53 миң доллар банк ячейкасынан алган. Бул каражатты ал жардамчысына берген. Ал 42 миң  95 долларды элдик кошуундардын лидерлерине жана өзгөчө кырдаалдарды турукташтырууга жардам берген адамдарды каржылаган. Жана да аппарат жетекчисинин жардамчысы 20 миң доллар алып, каражатты сомго айырбаштап, тамак-ашка, унаага, желекче, колго байланган  оромолдор үчүн кездеме, түтүкчө алганга жумшаганмын деп актанган. Акча каражатынын  арткан 10 миң 905 доллары Башпрокуратурага кайтарылып берилген.

 Талкаланган  Улуттук  телерадиокорпорациясын калыбына келтирүү максатында Убактылуу Өкмөт тарабынан  20 миң доллар бөлүнүп берилген. «Артык дөөлөт баш жарат» - деп, артып калган 2 миң 960 долларды КТРКнын жетекчиси Кубат Оторбаев кайра кайтарып берген. ЭлТР телеканалына 10 миң доллар банк ячейкасынан алынып берилген. Убактылуу  Өкмөттүн  Республикалык штабы 500 миң доллар алып, долларды жыттап-жыттап кайра кайтарып берген.

Банк ячейкасына бардыгы 21,5 миллион доллар салынган. Убактылуу Өкмөт бөлгөн 7 миллион доллардын 3 миллион 327 миң 95 доллары пайдаланууга бөлүнгөн. Анын тиешеси барбы, тиешеси жокбу 2 миллион 587 миң 174 «жашылбайы» «омийн»  болуп, кайрадан кайтарылып берилгени 733 миң 965 доллар жана сомго айланган 5 миң 900 доллар (274 миң сом). Банк ячейкасында 12 миллион 384 миң доллар гана калган. Калганы кайда кеткени тууралуу аттуу-баштуу, айла-амалдуу Темир Сариев менен калыс болуп берген прокуратуранын гана башы жетпесе, карапайым адамдын тиши өтпөйт экен.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости