www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда ооруканаларга абалы начар бейтаптарды “Тез жардамдын” багыттама кагазы жок болсо да кабыл алууга уруксат берилди. Бул тууралуу бүгүн, 30-июнда онлайн брифингде саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.

Анын айтымында, медицина кызматкерлери абалы оорлорду жакындары өз машинасы менен алып барса кабыл алууга милдеттүү болот.

“Эгер мүмкүнчүлүк болсо өзүңөрдүн машинаңарда алып келсеңер эч ким кабыл албай койбойт. Мен расмий түрдө айтып жатам. Кээ бирде “Тез жардам” менен келгиле деген талап коюлуп, түшүнбөстүктөр болууда. Ооруканалардын жетекчилери билет, бирок кээ бир дарыгерлерге маалымат жетпей калгандыр. Аны да туура түшүнүү керек. Бүгүн кезметтеги дарыгерби, кызматкерби, баарына “Клиникасы оор болуп жатса жаткыргыла” деген тапшырма берилди”, - деди Каратаев.

Адатта адамды ооруканага жаткыруу үчүн жашаган жериндеги бейтапкананын же “Тез жардамдын” багыттама кагазы талап кылынат. Ансыз медицина жайы кабыл албайт.

30-июнда Кыргызстанда коронавирустан бир күндө каза болгондордун саны боюнча алгачкы жолу эң көп учур – жети адам катталды. Буга чейин суткасына 1-3 өлүм болуп келген.

Жалпысынан 18-марттан 30-июнга чейин өлкөдө коронавирус 5296 адамдан табылды, алардын ичинен 57 бейтап кайтыш болду, 2370 бейтап айыгып кетти.

Өкмөт соңку күндөрү "Тез жардам" кызматына кайрылгандар аябай көбөйгөнүн аябай көбөйгөнүн  айтууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости