www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мурунку вице-премьер сот тарабынан тогуз жылга эркинен ажыратылган Дүйшөнбек Зилалиев агынан жарылыптыр. Анын адвокаты Таалайгүл Токтакунованын айтуусунда Дүйшөнбек Зилалиевдин банк ячейкасындагы акча президентти шайлоо үчүн даярдалган экен. Анын айтуусунда 1 миллион 300 миң доллар анын досуна тиешелүү болсо,  700 миң доллар —президентке талапкер  Сооронбай Жээнбековду колдоо штабына тиешелүү каражат болгон. Бул акчалар 2017-жылдагы кампанияда керектеле турган чыгымдарга  жумшалмак. “Бирок бул акчалар Дүйшөнбек Зилалиевдики эмес. Анын бул жерде тиешеси жок», — деп билдирди Таалайгүл Токтакунова.

2018-жылдын декабрында УКМК мурунку вице-премьер-министрдин үйү мыйзамсыз экенин белгилеп, банк ячейкасынан миллиондогон акчанын эсебин табышкан.  Дүйшөнбек Зилалиев өз ишин сайсий шоу катары таанып, өз күнөөсүн мойнуна алган эмес. Андан көп өтпөй УКМК Дүйшөнбек Зилалиевдин жубайына кылмыш ишин козгоп банктагы акчаларын Латвияга алып чыккан деген айып таккан. Биринчи май райондук соту тарабынан Дүйшөнбек Зилалиев тогуз жылга  кесилип кеткен.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости