www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сауд Арабиясы Кыргызстандын жарандарына кичи ажылыкка барууга уруксат берилген өлкөлөрдүн катарына кошкон жок. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, 1-ноябрдан баштап дүйнөнүн 108 өлкөсүнүн жарандары Мекке шаарына бара алышат. Алардын арасында Тажикстан, Казакстан, Өзбекстан, Кытай, Түркия, Азербайжан жана Беларуссия бар.

«Сауд Арабиясына азырынча кирүүгө уруксат берилбеген 20 өлкөнүн катарында Кыргызстан дагы бар. Ошондой эле дүйнөнүн дагы 56 өлкөсүнүн жарандары Сауд Арабияга кирүүгө толук тыюу салынган. Булар Россия, Украина, Британия, Америка Кошмо Штаттары» – деп белгилешет муфтият.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости