www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кожоюнунан акча уурдаган чабан кармалды

Чүй райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери 20 миң АКШ долларын уурдоого шектелген жаранды кармашты. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин маалымат кызматынан маалымдашты.

Маалыматка ылайык, Чүй райондук ички иштер бөлүмүнө арыз менен Прогресс айылынын жашоочусу кайрылып, үйдөн 20 000 АКШ доллар акча каражатын уурдап кеткен белгисиз адамга карата тиешелүү чараларды көрүп берүүнү суранган.

Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 200-беренеси менен катталып, өндүрүш иши башталган. Бул кылмыш ишинин бетин ачуу үчүн милиция кызматкерлери бир катар ыкчам тергөө амалдарын жүргүзүшүп, жабырлануучунун жанында жүргөн адамдар суралган. Мындан аркы иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, жабырлануучунун кол алдында мал багуучу болуп иштеген жаран акча каражаты жоголгондон кийин жашырынып качып кеткендиги такталган.

Чүй районунун милициясы анын аты-жөнүн тактап, ал тоноо фактысы менен бир нече жолу мурда соттолгон 1984-жылы туулган К.Е. экендиги белгилүү болгон. Ыкчам көрүлгөн чаралардын натыйжасында, Бишкек шаарынын көчөлөрүнүн биринен К.Е. кармалып, Токмок ШИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда сотко чейинки өндүрүш уланууда. 

Булак: NazarNews.kg
 

Последние новости