www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Адис интернет аркылуу соода кылганда ишенимдүү гана дүкөндөрдүн же ишканалардын кызматын пайдаланууга чакырат.

Интернеттеги шылуундукту алдын алуу боюнча адис банктык карталарды колдонуудагы коркунучтар тууралуу айтып берди. Анын кеңешин РИА Новости жарыялады. 

"Инфосистемы Джет" компаниясынын шылуундукту алдын алуу бөлүмүнүн башчысы Алексей Сизовдун айтымында, азыр банктык карталар жашообузга  сүңгүп киргендиктен, коргонуунун  жолдору табылган. Бирок интернет аркылуу соода кылуу ушул убакка чейин кооптуу бойдон калууда.

"Учурда "жасалма" сайттар көп. Алар кадимки интернет-дүкөн же кызмат көрсөтүүчү ишканалардай болуп өз товарын сунуштайт. Качан гана киши заказ берип, акысын карта аркылуу төлөөгө келгенде эсептеги акчаларды чыгарып кетишет. Азыр интернетте улам бир сайттар ачылып жаткандыктан, анын кайсынысы шылуун экенин аныктоо оңой эмес", — деди Сизов.

Мындан улам адис интернет аркылуу соода кылганда 100 пайыз ишенимдүү гана дүкөндөрдүн же ишканалардын кызматын пайдаланууга чакырат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости