www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Үч турда окууга тапшырууга жетишпей калгандар бүгүндөн тарта аракет кылышы керек. Бекер окуйм дегендер 13-августка чейин, келишимдик негизде билим алчулар 17-августка чейин жетишип калууга тийиш.
Өлкөдө жогорку окуу жайларга кабыл алуунун бардык турлары аяктап, гранттык жана контракттык бош орундарга дагы бир сынак жарыяланды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
ЖОЖго онлайн кабыл алуунун соңку III туру 3-5-август күндөрү өтүп, атайын системага 7 701 талон түшкөн. Анын 2 678и бюджеттик орундарга, 5 023 талон келишимдик негизде билим алууга ташталган.
Бул турдун жыйынтыгы менен 3 952 абитуриент жогорку окуу жайларына кабыл алынып, анын 766сы бюджеттик негизде жана 3 186сы келишимдик негизде билим алмай болушкан.
Ал эми бардык турларды кошкондо жалпы 53 012 талон катталып, ЖОЖдо окуй тургандыгын 21 795 абитуриент тастыктаган. Мунун 4 266сы гранттык, 17 529у контракттык негизде окушат.
Жогорудагы келтирилген статистикалык маалыматка ылайык жана окуу жайлар тарабынан берилген өтүнүчтөрдүн негизинде, министрлик дагы бош турган орундарга балдарды кабыл алууга мүмкүнчүлүк берүүнү чечкен.
Каттоо бүгүн, 11-августтан, тарта башталды. Кабыл алуунун эрежелери мурункудай эле.
Гранттык бош орундарга өтүнмөлөр бүгүндөн баштап 13-август саат 14:00гө чейин кабыл алынат. Окуйм дегендер 14үнөн тарта 17-август саат 17:00гө чейин студент болуу ниетин тастыктоосу зарыл.
Ал эми контракттык негизде бош орундарга өтүнмөлөр бүгүн, 11-августтан, баштап 18-август саат 14:00гө чейин кабыл алынат. Мында 19-августтан 21-август күнү саат 17:00гө чейин окуу ниетин тастыкташы керек.
Булак: NazarNews.kg