www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 24-августта Бириккен улуттар уюмунун алдына нааразычылык акциясына эл чогулду.

Акцияга чыккан элдин бирден бир талабы пандемияга байланыштуу насыянын үстөк пайызын жана үстүнө кошуп төлөнүүчү туумду алып салуу. Аталган акцияга 7 облустун жашоочулары келишкен.

Айтымдарында, алардын маселе боюнча барбаган жери калган эмес. Мындан улам Бириккен улуттар уюмунун алдына нааразычылык акциясына чыгууга аргасыз болушкан.

Буга чейин Насыя төлөөдө кыйналган жарандар "Элет көйгөйү" коомдук бирикмесине кайрылышкан. аракеттер эл тарбынан көрүлгөнү менен өкмөт тараптан жардам болгон эмес. Маселе мына ушунда бүгүн өлкө боюнча топтолуп, көйгөйдү өкмөткө чогуу жеткиргенге аракет кылабыз деп кетпей кары-картаңдар плакаттарды көтөрүп турушат.

Өкмөт, ООН тараптан азырынча жооп бериле элек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости