www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жылдыз белгиге жараша мүнөзүңүзүздү билиңиз

Жылдыз төлгөгө (гороскоп) ишенүүгө болобу, болбойбу деген суроо көпчүлүктө бар.  Айланабыздагы адамдарды төрөлгөн айына карап, бирдей жылдыздагылардын бири-бирине окшошуп кетерин байкаган чыгарсыз б.а. жылдыз белгибиз мүнөзүбүздү аныктайт.  Жылыңызды, айы-күнүңүздү так карап мүнөзүңүздү билиңиз.

Кой жылдызы (21.03-20.04)
Акылдуу жана кабыл алуу жөндөмдүүлүгү күчтүү. Уюштуруучулук шыгы бар, план менен жашоону жактырышат. Өзүн ойлогон, өзү үчүн бир нерселерди кылууга ашыккан амбициялуу адамдар. Түшүнбөгөн, эч нерседен кабары жок сыяктуу көрүнүшү мүмкүн, чынында андай эмес. Бардыгынан кабардар болушат. Ийкемдүү акыл-эстин ээлери. Абдан кызганчаак болушат. Айрыкча сүйүктүүсүн бардык нерседен кызганышат.

Букачар жылдызы (21.04-20.05)
Токтоо жана сабырдуу мүнөзгө ээ. Жашоосу боюнча башына келчү бардык азап-тозокко каршы тура алчу күчү бар. Бул жылдыздагы адамдар бир эле мезгилде күчтүү ой-жүгүртүү артыкчылыгына дагы ээ. Күчтүү жана чечкиндүү болушат. Жоопкерчиликтүү жана жакшы түгөй боло алышат. Сыртынан катаал көрүнгөнү менен ичинен эмоционалдуу, жумшак мүнөздө. 

Эгиздер (21.05-21.06)
Адамдарды өзүнө тартуучу күчкө ээ. Сүйлөө жөндөмү өнүккөн жана энергияга бай келишет. Өзүн коргоо үчүн колдонгон жүзү көбүнчө туура эмес нерселерге себеп болуп, көптөргө эки жүздүү көрүнүшү мүмкүн. Бул жыздыздагы адамдар менен түшүнүшө билүү үчүн өзү сыяктуу мамиле кылуу керек. Искусствого абдан жакын болушат.

Бөйөн жылдызы (22.06-22.07)
Бөйөн жылдызындагы адамдар абдан эмоционалдуу, мээримдүү жана жароокер болушат. Бирөө тарабынан сынга алынууну жактырбайт. Оңою менен бирөөгө ишене бербейт, ошондон улам баары менен бирдей мамиле курбайт. Катаал кабыгы аркылуу өзүн коргоого аракет кылат. Бул аракет көбүнө терс көрүнүшү мүмкүн. Алардын арасында акындар көп чыгышы мүмкүн, анткени сезимдерди терең жашашат. Бул жылдыздагы бирөөгө өзүңүздү ишендирүүнү кааласаңыз, сөз менен көбүрөөк түшүндүрүңүз. Кыймыл-аракетти көп байкай беришпейт.

Арстан жылдызы (23.07-23.08)
Арстан жылдызындагылар абдан ийгиликтүү келишет. Жакшылап байкасаң, сахна адамдарынын көбү аталган белгинин өкүлдөрү. Сахна тууралуу бир максатыңыз болсо, баштап көрүңүз. Экстроверттик түзүлүшкө ээ. Өзүнө абдан ишенип, сүйлөшкөндү жактырышат. Ошондой эле бирөөнү туураганды абдан жакшы өнүктүрүшкөн. Дүйнөнүн борборунда болууну каалап, аны менен катар күчтүү сапатка дагы ээ.

Бийкеч жылдызы(23.08-24.08)
Абдан жөндөмдүү жана акылдуу келишет. Алардын бир кемчилиги перфекционисттик мүнөзү абдан өнүккөндүгүндө. Ашыгы менен каалоо алардын интеллектине терс таасирин тийгизиши мүмкүн. Эмоцияларды ичинен жашашат. Таза, тыкандыкты сүйүшөт. Эч кимге ашыгы менен ишенишпейт, ишенүү үчүн ал адам өзүнө ар жактан ылайык келишин талап кылышат. Өзү сыяктуу же өзүнө окшогон адамдарды жактырышат. Сүйлөө жөндөмдүүлүгү жакшы өнүккөндүктөн социалдык чөйрөлөрдө жакшы ийгиликтерге жетүүсү мүмкүн.

Тараза жылдызы (24.09-23.10)
Өмүр бою тынч, бейпил жашоону жактырып, ал үчүн күрөшүшөт. Алар үчүн жашоо кооздук, сүйүү жана бөлүшүүдөн турат. Пикир жана сезимдеринин ортосундагы балансты сактоодо айрыкча ийгиликтүү келишет. Жегенди, ичкенди жана саякаттаганды жанынан артык көргөн таразалар кайда кантип мамиле кылууну да билишет. Достукка көп маани беришпейт. Ошондой эле искусствого жакын болуп, кыйын дипломаттар дагы чыгышы мүмкүн.

Чаян жылдызы (24.10-22.11)
Бул белгинин ээлери жашоосун берилгендик менен түзүшөт. Алар үчүн сезим, чындык узактарда эмес, тереңде. Ошондон улам сезимдерин тереңден издөөнү тандашат. Буларды көбү коркунучтуу деп эсептейт. Эске тутуусу абдан күчтүү болуп, акыл жагынан дагы өнүккөн. Кээ бир адамдар булардын каршысында эмне кыларын билбей калышат. Достору жокко эсе, анткени көп дос боло беришпейт. Табышмактуу куту сыяктуу. Ичинде эмне сакталганы билинбейт. Жактырган ишти берилгендик менен аткарат. Бирок эгер жактырбаса ийгиликке жетпейт.

Жаачы жылдызы (23.11-21.12)
Шаң, энергия жана толкундантуучу күчкө ээ. Жан дүйнөсү жаңы төрөлгөн баладай. Инстинкт менен аракет кылып, таза, жөнөкөй келишет. Ойлору таза болгон үчүнбү ойлонбой сүйлөп алышат. Жакшы ниети ар бир кыймылынан билинип турт. Көңүл ачканды, саякаттаганды жана дос күтүүнү жанындай көрүшөт. Муну менен катар жалкоо келип, уйкуну сүйүшөт.

Текечер жылдызы (22.12-20.01)
Алдыга умтулганды жакшы көргөн текечерлер, тыкан, пландуу иштегенди жактырат. Шашканды жаман көрүп, сабырдуу жана кылдат келишет. Салт-санаага берилүү менен мамиле кылат. Иштегенди жактырып, андан башканы ойлоно беришпейт. Ошол себептен жашоосу көбүнчө монотондуу. Ишеним алар үчүн өзгөчө орунга ээ. Ишенбеген адамдар менен мамиле курбайт. Жоопкерчилик келген убакта жакшы ата-эне чыгат.

Суу куяр (21.01-19.02)
Эскинин ордун жаңы нерселер менен толтурганды жактырышат. Эркиндик үчүн күрөшкөн суу куярлар ал үчүн бардыгына каршы согуша алат. Система же эрежелерге баш ийбей, сөзсүз каршы чыгышат. Достук, үйбүлө мамилелери анын эркиндигине тоскоолдук жаратса, бул мамилелерди сөзсүз токтотушат.

Балык жылдызы (20.02-20.03)
Жылдыздардын эң эмоционалдуусу. Достукка маани берет, жакшы дос болушат. Эстүү, бирок тез таарынуучу сапатка ээ. Абдан кыялкеч келишет. Кыялдары чексиз, кайда болбосун кыял куруунун үстүндө. Абдан берешен келип, коротконду да жакшы көрүшөт. Интуициясы абдан күчтүү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости