www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жумгал районунун Чаек айылдык кеңешинин депутаты, Барчын Орозобеков: "Атамбаевдин жыйынына барып сүйлɵ деп Бабиев деген немени эч ким жиберген эмес", деп Де - Факто гезитине маек берди.
--Барчын мырза, ɵткɵн ишемби, 22-июнь күнү экс-президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүндɵ жыйын болуп, анда Фархад Бабиев деген бирɵɵ Жумгал элинин атынан сүйлɵдү. Сиз Жумгалдык катары жакшы билсеңиз керек, бул адамды жумгалдыктар жɵнɵттү беле?
--Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жыйынына барып сүйлɵ деп Фархад Бабиев деген немени эч ким жиберген эмес. Ооба, азыр демократия, эч ким эч кимдин оозун тыя албайт. Бирок, эч бир уюм же эл чогулуп жибербегенден кийин митингге катышып сүйлɵгүсү келген ар бир адам ɵзүнүн атынан сүйлɵш керек да. Бабиев дегендин сүйлɵгɵнүнɵн кийин аны уккан Жумгалдыктар капа болуп атат. «Кайдагы бир тентимиштин элдин атынан сүйлɵгɵнгɵ акысы барбы» деп жаны кейигендер кɵп. Ал жыйындан кийин айылдык кеңештин депутаттары атайын териштирип, Бабиев деген неме кайсыл айылда жашай турганын билели, ким жибергенин билели деп сураштырып чыктык. Жумгалда 13 айыл ɵкмɵтү бар, аларга чалып карагылачы бизде жашап иштеп кеткен бирɵɵдүр десек, бир да айыл ɵкмɵт издеп таппады. Бирɵɵсү да тааныбайт экен. Бабиев дегендерден сурасак «андай тууганыбыз жок» дешти. Эгер жумгалдык болсо бери дегенде үч-тɵрт ата ɵтүшкɵн туугандары болмок, биз бирин да табалбай койдук. Кɵчсɵ илгери эле кɵчүп кеткен жумгалдыктардан го деп болжолдоп койдук. Анан акыркы 5-10 жылдан бери Жумгалда жашабаган бирɵɵнүн элдин атынан сүйлɵгɵнгɵ акысы барбы? Эмнеге элдин атына жамынып митингде сүйлɵйт? Жалпы жумгалдыктардын атынан сүйлɵгɵнгɵ ага ким укук берген? Мына мен айылдык кеңештин 8 чакырылышына депутат болгон адаммын. Депутат болсом дагы жалпы Жумгал элинин атынан сүйлɵбɵйм, сүйлɵгɵндɵн корком.
-Бишкекте таксист болуп иштейм дегендей кылды го?
--Таксист болсо ɵз ишин кылбайбы. Оюна келгенди оттоп, бирɵɵлɵргɵ жалган жалааны жаап жатат. Иса Шейшенкулович жɵнүндɵ оюна келгендин баарын айтты. Миң жылкысы Кочкордун жайлоосун жеп кетти, чɵп чыкпай калды дейт. Мына ушул сɵздүн ɵзү эле бул шумпайдын Жумгалдык эмес экенин далилдеп жатат. Чүйдүн малы Кегетинин бели менен ашып, берки Кочкордун Каракол жайлоосу аркылуу жол ɵтүп Суусамырда жайлайт. Анан бир айдап ɵткɵн мал кантип эле Кочкордун жайлоосун куутакыр кылып жеп кетсин? Биздин жайлоолордо деле миңдеген жылкы жүрɵт, Кудайга шүгүр ɵсүп-ɵнүп кɵбɵйүп жатат. Чɵп чыкпай калган жери жок. Биз ушул жерде жашап келе жатабыз. Бишкекте такси айдаган Бабиевге караганда жердин, жайыттын, дыйканчылыктын баркы менен баасын биз билебиз. Биздин атыбыздан сүйлɵгɵнгɵ акысы жок. Биз региондо ɵз ишибизди кылып, мал багып, чɵп суугарып, эгин эгип жатабыз. Арам иштерге бизди аралаштырбасын. Жумгалды жаманатты кылган Бабиевди мамлекет кармап, жоопкерчиликке тартыш керек.
--Бул маселеде жумгалдык депутаттардын ою кандай?
--Сɵз оролу келгенине жараша мен Жогорку Кеңештеги ɵзүмдүн иним Алманбет Шыкмаматов боюнча айта кетейин. Ал парламент трибунасына чыгып алып Иса Шейшенкуловичке асылып: «Иса Ɵмүркуловдун Атамбаевге сын айтканга моралдык укугу жок» деди. Кантип укугу жок болсун, Алмазбек Атамбаев улам депутаттарды шыбап, чогултуп алган адамдарынын оозу менен митингдерде жугунду тɵгүп жатса, отура берсинби? Иса мырза Жогорку Кеңештин депутаты, бакандай СДПК фракциясынын лидери катары оюн айтыш керек да. Үн катпай олтура берсе фракция лидери оюн билдирбейби деп да айтып чыкмак так ошол Алманбет.
Экинчиси, моралдык укукка келе турган болсок, анда Алманбет Шыкмаматовдун дагы сүйлɵгɵнгɵ моралдык укугу жок. Кезинде Атамбаевдин штабын жетектеп, менин үйүмɵ чейин барып: «Атамбаевди колдоп койгула» деп чуркап жүргɵн. «Ата Мекен» партиясы 2011-жылы Жогорку Кеңештин 1-кабатына бардык райондогу координаторлорду чогултуп, «президенттикке Алмазбек Атамбаевди колдоп койолу» деп сунуш кылганда мен жалгыз чыгып, Ɵмүрбек Чиркешович, атамекенчилер, кимди колдосоңор демократиялык эркиңер, мен Атамбаевди колдобойм дегем. Ошондо Ɵмүрбек Чиркешович ɵзү кайрылып: «Барчын неге сен колдобойсуң?» дегенде, «Кыргыз мамлекетинин башына алкаш менен наркомандын келүүсүнɵн жаман коркунуч жок, силер араккеч адамды колдогону жатасыңар, мен колдобойм, иштебейм, салбайм» деп чыгып кеткем. Ошол президенттик шайлоодо Ɵмүрбек Суваналиевди колдогон элем. Ар кандай жол менен жан тартып, күнү-түнү үгүт жүргүзүп, жүгүрүп жүрүп Атамбаевди бийликке алып келген Алманбет иним ɵзү таза кɵрүнүп, моралдык укук жɵнүндɵ сүйлɵгɵнгɵ акысы барбы? Үчүнчүсү, ɵз агасын агалай албаган арсыз, бирɵɵнүн эшигин сагалайт дейт. Уяты жок экен. Алманбет кайсы бети менен ɵз агасын каралады? Мына ушуга таң калып бүтɵ албай койдум. Иса Шейшенкулович Чүйдɵ отурукташып, Чүйлүк болуп бир канча жылдан бери ошол жакта жашаганы менен түпкүлүгү ошол Алманбет чоңойгон Кызарт айылындагы саяктардын жараш уруусунан болот. Кызартта туугандары бар, катташып тураарын уккам. Албетте, Шыкмаматовго теңелбей так кесе жообун берип койгон Иса Шейшенкуловичке жумгалдыктар абдан ыраазы болду. «Бокко таш ыргытсаң бетиңе чачылат» деген ата сɵзүн туу тутуп, Шыкмаматовго эмоцияга алдырбай, ɵтɵ сабырдуулук менен татыктуу жооп берди. Жумгалдыктар ушунчалык ыраазы болду. Биз бул кишини абдан кадырлап сыйлайбыз. Адамгерчилиги бийик, саясий маданияты бийик инсан. Бул сапар да маданияттуу адамдын кылар ишин жасады Иса Ɵмүркулов.
--Алмазбек Атамбаевге тескери сыпат бергениңиз менен КСДПнын штабын жетектеп жүргɵнүңүздү кандай түшүнɵбүз?
--Ооба, 2015-жыл КСДПнын штабын жетектедим, ɵзүм ɵтɵ сыйлаган, урматтаган кишилер парламенттик шайлоого катышкандыктан колдодум. Анда Атамбаев президент эле, мыйзам боюнча партияга эч бир тиешеси жок болчу. 2017-жылы Сооронбай Жээнбековдун штабын жетектедим, бул иштерде кемчилик болсо мен моралдык жоопкерчилик тартам. Анан эми депутат Алманбет Шыкмаматов ɵзүнүн башындагы тɵɵнү кɵрбɵй, бирɵɵнүн башындагы чɵптү термелеп жатпайбы. 2010-жылкы Жогорку Кеңештин шайлоосунда Шыкмаматов элдин барына белгилүү болгон жаман ботасы менен эски машина айдап келип Жумгалга, анын мотору эрип кетип оңдой албай ушул жерде жүргɵн. Азыр Шыкмаматов миллиондогон долларлык үйдɵ жашайм деп мактанып жүрɵт. Мактанып айтканына караганда азыр айдаган машинасы эле 130 миң долларлык экен. Мындай байлыкты ал кайдан жыйнады? Кечээ жакында эле эч нерсеси жок адамдар бүгүн байып кетишинде кандай сыр бар? Атамбаев деле «революцияга чейин Шыкмаматов менден тамеки сурап жүргɵн» деп ачык айтып жатпайбы. Чынында революциядан кийин байышты да. Бишкекте бүт тоноду. Тонолгон адамдардын канчасы инсульт алып ɵлдү. Канчасы майып болду? Жакында мага Алманбет чалган экен: «силер мародерсуңар» деп бетине айттым. Анан эми ушундай кишинин моралдык укук жɵнүндɵ айтканга акысы барбы?
--Революциядан кийин ɵзгɵрүүнү сездиңизби?
--Революциядан ɵзгɵрүү кɵргɵн жокпуз, мен баягы эле мал-жаным менен жашап жатам. Эл ɵзгɵрүүнү сезген жок. Ал эми эски ботас менен жүргɵндɵр шылуундар болуп кɵрбɵгɵндɵй байып, секирик жасашты. Бүгүн мораль жɵнүндɵ сүйлɵп, кыргыздын тɵрүндɵ отуруп алып элге акыл айтып, сайрап жатат. Бул туурабы?
--«Чимкириктер» деген сɵз туура айтылдыбы?
--Туура, ким кандай деп айтпасын Алмазбек Атамбаевди мамлекетти 6 жыл башкарды. Бирок, ал президенттиктен кеткенден кийин мыйзамсыз жасаган иштери билинип ашкереленип атат. Эми жɵн жатпай «атышып ɵлɵм» деп атып ишти чатагына айлантып алды. Сопсонун түшүнүп турат, мамлекеттик машинага каршы тура албасын. Болбой сес кɵргɵзгүсү келгени туура эмес, ушул адамдын 6 жыл президент болуп иштегенин ойлонсоң таң каласың, кантип башкарды деп. Эгер аксакалдык наркын сактап президенттиктен кеткенден кийин тынч жата берсе бүгүнкү тагдырга туш болбойт эле. Ɵзү түзгɵн Жогорку Кеңештин депутаттарын «чимкириктер» деп атап жатат. Эгер булардын ким экенин мурда эле билген болсо, анда эмне үчүн Атамбаев кыргыздын тагдырын «чимкириктердин» колуна карматты. Жогорку Кеңешти ɵзү түзгɵн кишинин парламентке сын айтканга акысы барбы ɵзү? «Мен жаңылып калыптырмын. Кечиргиле мен Сооронбай Жээнбековдун мындай экенин билбептирмин» деп актанат. Антип актанбай эле: «Менин тилимди Сооронбай Жээнбеков алат. Президенттиктен кеткенден кийин дагы ушул киши аркылуу Кыргызстанды башкарам деп ойлодум эле. Мага Жээнбеков баш ийбей койду…» десе бул сɵзүнɵ эл ишенмек. Экс-президент элди кайрадан алдаганга аракеттенип, эми кемчиликтерин оңдойм дейт. 2010-жылы акыйкатсыздык үчүн 87 баланын ɵлүмү менен бийлик кулады эле. Андан кийин президент болуп жыргатпаган Атамбаев эми кемчилигин оңдойт экен деп 800 бала ɵлүшү керекпи? Андай болбойт, биз буга жол бербешибиз керек…
--Сɵз акырында айтсаңыз, жумгалдыктардын маанайы кандай, эки тараптын тирешинде эл кимди колдоп жатат?
--Президент Сооронбай Шариповичти эл жапатырмак колдоп жатканы чындык. Акыры түбү Кыргызстан Атамбаевдин эксперименталдык талаасы эмес да, каалаганын жасай бергидей. Тɵңкɵрүш деди ээрчиди, канча бала шейит кетти, Чаектен 4 бала ɵлгɵн. Саясатчыларды камады, парламентин колдоду, президентке талапкер чыгарды, шайлап берди. Андан башка эмне кылсын. «Ынсапсызга кашык салсаң беш ууртайт» дегендей, бүгүн кайра чыгып, жаңылып калыпмын дейт. Кыргыздар ɵнүгүүнү унутуп коюп эле Атамбаевдин жаңылыштыгын оңдой береби. Жаңылып калыпмын деп 7 жолу катын алуудан эч качан майнап чыкпайт. Бу Атамбаевдин жаңылбай жасаган иши барбы? Батукаевде дагы жаңылган, аны жакында ɵзү айтып, «мен да ишенгем 3 айдан кийин ɵлɵт экен деп» деди. Акылы болсо ошондо эле кечирим сурап кетмек. Ал эми Сооронбай Шарипович эң жакшы, бийликти тартипке алып келе турган ишти баштады. Кемчиликтин баарын түздɵп жатат. Муну Атамбаев жасаш керек болчу, анын акылы жеткен жок. Бирɵɵгɵ кɵр казсаң тайыз каз, ɵзүң түшɵсүң дейт. Ал ɵзү ор казды, эми түшɵɵрдɵ ар нерсени айтып элди алдабасын...
Булак: Де - Факто