www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Сегиз миң сомго жарандын купуя маалыматтарын сатып алса болот. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматканов билдирди.
Анын айтымында ал мындай маалыматты жеке нотариустан билген.
-Эгерде сегиз миң сом берип, автоунаанын номурун айтсаңыр, силерге унаа ээси тууралуу бардык жашыруун маалыматтарды берип коет. Мисалы, жол эрежесин сактабагандыгы үчүн айып пул, үй-бүлөсү, балдары, алар кайсыл жерде жашайт, жада калса канча жолу чет өлкөгө чыгып келгендиги тууралуу маалыматты ала алат экенсиңер, - дейт эл өкүлү.
Ал эми Салык кызматы бул маалыматты четке кагып, салык төлөөчүлөр тууралуу сыр маалыматтарды алуу мүмкүн эмес дешет.
Булак: NazarNews.kg