www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чачын суулап тарап, чиновниктей каада күтүп калган мурунку вице-премьер министр Замирбек Аскаровду Өзгөчө кырдаалдар министри (ӨКМ) кылып алып келишти. Жаандан кийинки көлчүк сууга жуунган «Сулуу көгүчкөн» кейиптенген Замир мырза бир да күн өрт өчүрүп, же кар күрөп иштеп көрбөгөн кадр экени чындык. Дегенибиз, учурда өзү жетекчи болуп келген тармакта дасыккан адис эмес.

А түгүл, кесиби география мугалими экенин айтып, боорлору эзилип жүрүшөт. Аскердик тартипти талап кылган Өзгөчө кырдаалдар министрлигин эми Аскаров мугалимдик тажрыйбасы менен кантип башкарат, ыя? «Ырыстуу «неменин» мурдунан «неме» кетпейт» болуп, бак айтып койсо айла жок экен да. Аскаровго караганда ошол жерде бышып жетилген, министрдин орун басары катары иштеп такшалган Давлетбек Алимбековду министр кылсак жарашпайт беле?!

Булак: “De-facto”

Последние новости