www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын президенти Дональд Трамп өзүнүн Twitterдеги баракчасына “Америкадагы күчтүү тарыхтар, Нэнси Пелосинин быт-чытын чыгарып тытканы” деген жазуу менен видео жарыялады.

Видеодо Трапмтын конгресстеги трибунада сүйлөгөн сөзүнөн кийин Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелосинин мамлекет башчынын текстин айрыган жерин бир неече жолу кайталап көрсөткөн.

Эске сала кетсек, 4-февралда президент Дональд Трамп АКШ Конгрессинде “Мамлекеттин абалы тууралуу” жылдык отчеттун берди. Анда президент сүйлөп бүткөндөн кийин АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелоси (Калифорния штатынын демократы) элдин көзүнчө анын сүйлөгөн текстин айрып салган.

Трамп трибунага чыкканга бир нече мүнөт калганда өзүнүн текстинин көчүрмөсүн Пелосиге берген. Ошол учурда Пелоси мамлекет башчыга кол сунган. Президент ага жооп кайтарбастан, кайрылып трибунага басып кеткен.

Дональд Трамп сүйлөп бүтөөрү менен анын аркасында отурган Пелоси президент берген кагазды алып айрып салган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости