www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орус лидеринин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин украин аймактарын кайтарып берүүнү убада кылган жана орус аскерлерин качууга чакырган сөздөрүнө комментарий берди.

Атайын аскердик операция методикалык жана болгон пландарга ылайык уланууда. Бардык максаттар ишке ашат, - деди Кремлдин өкүлү. Бул тууралуу РИА Новости билдирди.

Эске салсак, 29-августта Зеленский орус аскерлери аман калууну кааласа, качышы керек же багынып бериши керек деп айткан.

Зеленский ошондой эле Украина менен Орусиянын ортосунда аймактарды кайтарып бербестен элдешүүнүн түзүлүшү Москвага тыныгууга гана алып келерин жана жаңжал узакка созулаарын белгиледи. Украин лидери элдешүү жаралса, Орусия "эки-үч жылдык тыныгуудан кийин дагы эки аймакты басып алат", анан баарын кайталайт деп эсептейт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости