www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президент Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине кыскача маек куруп Бишкектеги «Барселона» футбол клубунда колунда жоктор машыга албайт деген мааниде маалыматтар тарап жатканын айтып, бул боюнча жооп берди.
«Спортто күч атасын тааныбайт дейт. Айрыкча футболдо талантың жок болсо, мага десең королдун баласы болсоң да командага кирбейсиң. Ал эми күчтүү болсоң, айылда кетмен чапкан дыйкандын баласы болсоң да командага талашып алышат. Азыркы Кыргызстандын курама командасын караңыздар. Бир дагы байдын же чиновниктин баласы жок. Тескерисинче жөнөкөй калктын арасынан чыккан балдар жүрүшөт. Мисалга алсак, раматылык Жаныбек Алыкуловдун баласы курама командабызда чабуулчу болуп жүрөт. Ал киши чиновник болгон эмес. Жөнөкөй эле куудул, артист болгон. Ошондуктан бүткүл өлкөбүздүн жаштарына кайрылам. Футбол менен машыккыла. Бардык шарттар түзүлүп жатат. Өлкө боюнча ар бир айылга кичи футбол аянтчасын куруп келе жатабыз. Алдыдагы 4-5 жылда ар бир айылда футбол аянтчалары болот. Андан сырткары облустардын, райондордун борборлорунда стадиондор салынат. Азыр ким болбосун, биз баарына бирдей шарттарды түзүп беребиз. Анан алдыда келе жаткан 10 жылдан кийин жаштардан жыйынтыгын сурай баштайбыз. Ошондуктан КЛООПтун бузук саясатына ишенбей машыккыла. Таланты ташкындап турган балдарды мейли кимдин баласы болбосун академияга бекер алганга шарт түзүп беребиз»,-дейт президент.