www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин Россиянын президенти Владимир Путиндин Советтик Союздун Улуу Ата Мекендик согуштун Жеңишинин 80 жылдыгына арналган парадга катышуу чакыруусун кабыл алды. Бул тууралуу Кытайдагы РФнын элчиси Игорь Моргулов билдирди.
«Кытайдын лидери В. В. Путиндин Москвадагы Жеңиш парадына катышуу чакыруусун кабыл алды», – деп РИА «Новости» анын сөзүн келтирет.
Мындан тышкары, Си Цзиньпин россиялык лидерди сентябрь айында Бээжиндеги майрамдык иш-чараларга чакырды.
Россия менен Кытайдын Экинчи дүйнөлүк согуш окуяларын баалоодогу орток позициясы, анын жыйынтыктарын «чечкиндүү түрдө коргоодогу» биримдиги, тарыхты кайра жазууга, жеңүүчүлөрдүн ролун төмөндөтүүгө жана аларды каралоого, ошондой эле нацисттер менен алардын кызматташтарын даңазалоого каршы туруусу согушта курман болгон жоокерлердин элесин түбөлүк сактоо боюнча биргелешкен аракеттерди шарттайт, деп белгиледи дипломат.
Буга чейин Германия Москвадагы Улуу Ата Мекендик согуштун аякташына арналган Жеңиш парадына катышпай турганы белгилүү болгон. Германиянын Россиядагы элчиси Александр Ламбсдорф бул чечимдин себебин согуштук кагылышуулар менен байланыштырды