www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
—— Исхак Абсаматович, шайлоо системасын өзгөртүү боюнча мыйзам долбооруна көз карашыңыз кандай?
—— Варианттарын издеш керек. Мыйзам чыгаруу, эл өкүлдөрү жыйыны кылсак да болот. Мыйзам чыгаруучуларда профессионалдар иштеп, эл өкүлдөрү жер-жерлерден шайланып келсин. Биз 2000-жылы ага өткөнбүз, жаман эмес болчу. Эл өкүлдөрү сессияга эки жолу келип, жер-жерлердин көйгөйлөрүн чечүүгө аракет жасашчу. Азыркы жаңы мыйзам боюнча шайлоо системасы толук өзгөргөнү жатат. Партиялык системадан баш тарттык. Эми партия формалдуу гана жашап, талапкерлерди көрсөтүүгө гана катышат. Текебаев баштаган партиялык курулуш жокко чыгат. Коммунисттер, дагы бир-эки партия гана калышы мүмкүн. Биз мүмкүнчүлүк таап, көпчүлүк шайлоочуларды өзүбүзгө ишендирип, 30 округдан өз талапкерлерибизди чыгарсак болот, теорияда. Бирок, факт жүзүндө андай болбойт.
—— Кандай дейсиз, шайлоо өз убагында өтөбү? Себеби, “азыркы парламент мезгилинен эрте тарайт экен” деген сөздөр айтыла баштады...
—— Мен мына бешинчи жолу шайланып келдим, өз тажрыйбамды айтайын. Ар жолу шайлоого бир-эки жыл калганда ушундай сөздөр чыгат. Аны депутаттар чыгарган жок. Акыркы бир жылда депутаттар шалпайбай, кеңешмеден качпай, жакшы иштеп берсин деген максат. Алар максатына жетет. Көрдүңөр го, бир жуманын ичинде “эч кыжалат болбогула, азыркы парламент мөөнөтүнүн аягына чейин иштейт” деген сөз үч жолу айтылды. Бүгүн төрага айтты, ага чейин анын орун басалары айткан болчу. Ушундан улам депутаттардын бир тобу “БШКнын төрагасынын алмашканы, жанагындай сөздөрдүн айтылганы бекеринен эмес. Демек, жакында шайлоо болот го” деп ойлоп калышты. Бул “старт” деген сөз да. Эми жума сайын биз жержерлерге барып, эл менен жолугушабыз. Мектептерди, көпүрөлөрдү ачабыз, спорт оюндарын өткөрөбүз. Айтор, “кийинки чакырылышта да шайланабыз” дегендер абдан чоң иштерди жүргүзө башташат.
Булак: "Азия Ньюс" гезити