www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өлкө калкынын денин сагы башкы байлык эмеспи. Мына ошол жооптуу вазийпаны ийине жеткире аткаруудан азыркы саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев аксап турган чагы.

Дегенибиз, коңшу мамлекеттен дүйнө элин дүрбөткөн коронавирус чыгып, кыргызстандыктарды да кыжаалатка салып жатса, аткаминердин активдүү ишин көрө албай койдук. Жугуштуу дарттын чоо-жайы менен андан сактануу жолдорун түшүнбөгөн жарандар кыйпычыктап, көчөдөн кытай түспөлдүү адам көрсө да чочуй турган болду. Калк маалыматтын жетишсиздигинен башы маң болуп, ал арада ашынган амалдуулар бет-каптын баасын да көтөрүп жиберүүгө жетишишпедиби.

Министр мырза бир аз жүрөктүү болуп, эл алдына коркпой чыгып, "той-топурларга барбагыла, колду жууп туруу эсиңерден чыкпасын, адамдар топтолгон жерге чогулбагыла, чүчкүргөндө кантип чүч-күрүш керектигин эске алгыла" деген сыяктуу кеп-кеңешин айтып койсо болор эле. Ошондо өлкөнүн башкы дарыгери бар экен деп көптөр билип да калышат эле.

Бирок министр мыкчыйып бир ооз ачып койгон жок. Жоругу жолдо калгыр ушундай атка минерлерибиздин барынан жогу деген аргасыз ойго келет экенсиң го, аттиң...

Булак: Багыт.kg

Последние новости