www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коронавирус Түркияга да жетти

Түркияда коронавирус жуктуруп алган алгачкы адам катталды. Бул тууралуу түрк басылмалар жазып чыкты.

Маалыматка караганда окуя, 10-март күнү болгон. Европадан кайтып келген түрк жаранын аэропорттон текшерүүгө алганда, андан коронавирустун белгилери байкалган.

Бул тууралуу өлкөнүн саламаттык сактоо министри Фахреттин Коджан “ Кечинде өлкөбүздүн бир жараны коронавируска шектелип, аны текшерүүгө алганыбызда жыйынтыгы терс көрсөткүчтөрдү көрсөттү”,- деп билдирди министр.

Мындан тышкары министр учурда бейтап карантинге алынып, дарыгерлердин көзөмөлүндө экенин жана анын үй-бүлөсүн, жакын жүргөн адамдарын текшерүүгө алып жатышканын кошумчалады.

Эске сала кетсек, 11-марттагы маалыматка ылайык, дүйнө жүзү боюнча жаңы типтеги коронавирусту 119 086 адам жуктуруп, анын көбү сакайды (65 762). Ал эми каза тапкандардын саны 4 284кө жетти. Илдет көп катталган өлкөлөр Кытай, Италия, Иран, Түштүк Корея жана Франция болууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости