www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ысык-Көл облусунун Кашат айылында кошунасы 4-класстын окуучусун зордуктоого аракет кылды. Бул тууралуу NazarNews.kgге аталган облустун басма сөз кызматынан Сталбек Усубакунов билдирди.
Белгилүү болгондой окуя 5-мартта түштөн кийин болгон. Мас жаран 12 жаштагы кошуна кызды зордуктоого аракет кылып жаткан учурда атасы келип калган. Кыздын атасы жана ачууланган айыл тургундары шектүүнү ур-токмокко алууга жетишишкен. Жергиликтүү аксакалдар ызы-чууну токтотуп, милиция чакыртышкан.
Бул иш боюнча кыздын апасы милицияга арыз менен кайрылып, чара көрүүнү сураган.
Факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, 39-161 беренеси (зордуктоого аракет кылуу) менен сотко чейинки өндүрүш иштери башталган. Ысык-Көл райондук соту шектүүнү Каракол СИЗОсуна эки айга камоого чечим чыгарган. Тергөө иштери жүрүүдө.
Булак: NazarNews.kg