www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Конституциялык кеңешме 21-ноябрда Бишкекте Улуттук илимдер академиясында кезектеги жыйыны болуп өттү.

Конституциялык жыйындын адам укуктары боюнча бөлүмүнүн мүчөлөрү Баш мыйзамды талкуулоону мөөнөтүнөн мурда аякташты. Алар долбоордун демилгечилерин талкууга чакырууну талап кылышты.

«Менин бир сунушум бар. Адам укуктары жана милдеттери бөлүмү толугу менен өзгөртүлдү, айрым пункттары алынып салынды. Түзөтүүлөрдү киргизген адам жаңылануулар жана кыскартуулар эмнеге негизделгенине жооп бериши керек», - деди экс-акыйкатчы Турсунбек Акун.

«Мыйзамга өзгөртүү киргизилгенде, биринчи кезекте анализ жүргүзүлөт. Мисалы, Кылмыш кодексине өзгөртүүлөр криминологиялык изилдөөлөрдөн кийин киргизилет. Бул учурда, азыркы Конституцияда адам укуктары бөлүмү так жазылган жана эл аралык абройлуу уюмдар тарабынан таанылган. Ал эми негизсиз өзгөртүлгөндө, так эмес. Ошондуктан, эмне себептен өзгөртүү киргизгенибиз боюнча концептуалдык талкуулоону суранабыз. Бизге фактылар керек, азыркы Башмыйзамда эмне начар болгонун анализдеп, андан кийин өзгөртүүлөрдү талкуулоого өтөбүз», - деди көз карандысыз эксперт Гульмира Маматкеримова.

Ошондой эле ал айрым кызыктар тарапка жакпагандыктан эле, өзгөрүүлөр өзүм билемдик менен жүргүзүлбөрүн кошумчалады.

«Биз бул долбоорду иштеп чыккандар менен байланышышыбыз керек. Ал эмне үчүн айрым өзгөртүүлөрдү киргизгенин түшүндүрүп, негиздеши керек», - деп белгиледи эксперт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости