www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россиянын Президенти Владимир Путин Салык кызматкерлеринин күнү жана Россиянын Федералдык салык кызматынын түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады.

"Мен сиздерди Салык кызматкерлеринин күнү жана Россиянын Федералдык салык кызматынын түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктайм. Акыркы жылдары Федералдык салык кызматы өзүнүн кадрдык, уюштуруучулук жана техникалык потенциалын бир кыйла жогорулатып, элдин ишенимине ээ болуп, олуттуу авторитетке ээ болду", - деди Путин.

Ал ошондой эле аталган тармактын өкүлдөрү Россиянын салык тутумун өзгөртүп, тийиштүү мыйзамдарды модернизациялашкан, ал ийкемдүү жана улуттук өнүгүү максаттарына шайкеш келгенин кошумчалады.

Владимир Путин электрондук, санариптик кызматтарды киргизүү программасы ийгиликтүү ишке ашырылып жаткандыгын, бул салыктык башкаруунун натыйжалуулугун жана ачыктыгын жогорулатууга, мамлекеттик кызыкчылыктардын корголушун камсыз кылууга ошондой эле салыктарды төлөө процессин жөнөкөйлөтүүгө мүмкүндүк бергендигин баса белгиледи.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости