www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын Алматы облусунда Талгар борбордук райондук ооруканасынын башкы дарыгери Нурлан Кулсеитов эл менен болгон жолугушууда өзүн адепсиз жана агрессивдүү алып жүргөн. Ал жергиликтүү жашоочунун дары-дармектер боюнча нааразылыгына жооп бербестен ачуусу келип столду муштуму менен чаап, андан соң имараттын ичинен чыгып кеткен. 

Кулсеитовдун жүрүм-турумуна байланыштуу арыздан кийин текшерүү жүргүзүлдү. Этикалык нормаларды сактоо жана башкы дарыгердин кесиптик жүрүм-туруму жөнүндө маселени кароо үчүн атайын комиссия түзүлгөн. Жыйынтыгында аталган медициналык уюмдун жетекчисине катуу сөгүш түрүндө дисциплинардык чара көрүү чечими кабыл алынды. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости