www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 9-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар «Укук коргоо жана көзөмөлдөөчү органдар тарабынан кайтарылып берилген каражаттарды пайдалануу маселеси боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамдын долбоорун үчүнчү окуудан карашты.

Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча  комитетинин  төрайымы  Наталья Никитенко Коопсуздук кеңешинин чечиминин жана  Өкмөттүн токтомунун негизинде Бирдиктүү депозит эсебиндеги каржаттар  укук коргоо органдарында калтырылбай,  түздөн-түз республиканын бюджетине жөнөтүлүүгө тийиш экенин, анткени, калтырылганы 2017-жылдагы КР Бюджеттик кодексине карама-каршы келээрин белгиледи.

«Мыйзам долбоору тарабынан тиешелүү түзөтүүлөрдү киргизүү сунушталууда.

Экономикалык жана кызматтык  кылмыштардын натыйжасында мамлекетке келтирилген зыянды төлөө иретинде  түшкөн каржылык каражаттар түздөн-түз бюджетке жөнөтүлөт», - деп белгиледи Никитенко.

Жогорку Кеңеш ошондой эле «Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзамдын долбоорун үчүнчү окуудан, «Курал жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзамдын долбоорун экинчи окуудан добуш берүүгө жөнөттү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости