www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандын экс- вице-премьер-министри, Мамлекеттик каттоо кызматынын (ГРС) экс-жетекчиси Тайырбек Сарпашевге козголгон кылмыш иши кайрадан жандандырылды. Бул тууралуу жума башында Башкы прокуратурадан билдиришти. Мындайда айрым атуулдар «кайсынысы же канчанчы кылмышы боюнча жандандырылыптыр?» деп сураса жооп да таба албай калат экенсиң. Анан калса, о-оо, убагында Тайырбектин тайраңдаганы жөнүндө кимдер гана айтпады, жазышпады, бирок, анын баары эле жабылуу аяк жабылуу бойдон калып Т. Сарпашев Акылбек Жапаровчосунан канча ириет «суудан кургак чыгып» эле келбеди.
Ал эми «Сарпашевге карата жандандырылган кайсы кылмыш иши?» дегендерге маалымдамабыз бул: 2013-жылдын мартында жарандык абалдын күбөлүгү үчүн бланкка Тайырбек Сарпашев башында турган Мамлекеттик каттоо кызматы тендер өткөрүп, тендерди «Учкун» ААКсы утуп алган. Каржы министрлиги бул тендерди мыйзам чегинде өттү деп жарыя кылган. Анан ЖЧК «Т.П.» Сарпашевдин тапшырмасы боюнча ААК «Учкундан» 40 миң даана туулгандыгы тууралуу мыйзамсыз күбөлүктүн бланкасын сатып алат. Ал бланктарды жарандык абалды каттоо Департаментинин аймактык бөлүмдөрүнө таркаткан жана жаңы төрөлгөн ымыркайларга беришкен. Ал ишке мамлекеттин казынасынан 8 миллион сом чыгымдалган. Бирок кийин белгилүү болгондой ал «Туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн» микротекстинде «Никеге тургандыгы тууралуу күбөлүк» деген жазуу болгон.
Ишти Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы иликтемей болду. Азырынча Тайырбек Сарпашевге расмий түрдө айып тагыла элек. Ал эми Мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы жетекчиси Т. Сарпашев болсо ага карата кылмыш ишинин жандандырылгандыгы тууралуу «мен эчтеке билбейм жана комментарий бере албайм» - деп жүрөт. Господин Сарпашевдин иштерин ЭККМК чындап чубай турган болсо алигиге чейин жоопкерчиликке тартылбай жүргөн, Акаевдин кезинде Ысык-Көл облусунун губернатору болуп турган кезинде мамлекеттик казынаны каалашынча калчаган кайнатасы Касымовдукунан ашса ашаар, бирок кем эмес былык иштердин былгып чыгаары дээрлик мүмкүн. Эгерде эле Сарпашевге карата жандандырылган кылмыш иши кайсы бир гана саясий кызыкчылык үчүн гана колдонулбаса.
Булак: "Айгай"