www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Башкы прокуратура Жогорку Кеңештин депутаты Бахадыр Сулеймановдун жарандыгы тууралуу маалыматты текшере баштады. Бул тууралуу «Азаттык» радиосуна мекеменин басма сөз кызматынын өкүлү Наргиза Куватова билдирген:

- Материалдар бизге 25-сентябрда келип түшкөн. Коррупцияга каршы күрөшүү башкармалыгы териштирип жатат.

26-сентябрда парламентте акыйкатчыны шайлоо жүрүп жатканда Сулейманов «мени чет өлкөнүн жараны деген жалган маалымат таратып жатасыз” деп бул кызматка талапкер болуп жаткан Токон Мамытовду айыптаган. Мамытов өз кезегинде «Сиз чет өлкөнүн жараны экендигиңиз тууралуу материалдар менде бар» деп айткан.

Сулейманов 55 жашта. Ал парламентке “Ата Мекен” партиясы аркылуу шайланып келген. Казакстандын Жамбул облусунда туулган. 2013-жылдан тартып “Кыргызстан дунгандар ассоциациясы” коомдук бирикмесинин төрагасы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости