www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Ак-Буура бѳлүмүнүн кызматкерлери адам ѳмүрүн сактап калышты.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Ак-Буура милиция бѳлүмүнүн курамында тергѳѳчү Тазагүл Сатарова, криминалдык милиция кызматынын кызматкери Азамат Ташболотов, эксперт-криминалисти Алмамат уулу Бурхан жана айдоочу Сооронбой Бадамовдордон турган ыкчам-тергѳѳ тобу, бүгүн
27-сентябрда, кезектеги жарандардын чакыруусунан эрте менен саат 05:00 чамасында кайтып келе жатышып, Ош шаарынын А.Масалиев проспектисине улай шар аккан каналды бойлоп келе жаткан кыздын карааны заматта кѳрүнбѳй калганын байкап калышат.

Автомашинаны токтотуп, кол чырактарынын жардамы менен сууга кѳз салышып, бир аялдын каналда агып баратканын кѳрүшѳт. Милиция кызматкерлери аялдын артынан сууга секиришип, аны чыгарууга аракет жасашып, 100 метрден ашуун аралыкка кошо агып барышкан. Бул аралыкта тергѳѳчү Тазагүл
Саттарова дагы канал бойлоп жүгүрүп, жардам чакырат. Натыйжада, Ош шаардык электр тармактар ишканасынын имаратынын тушунан аккан аял кишини А.Масалиевдин эстелигинин тушунан алып чыгышат.

Бул аралыкта дагы бир жаран милиция кызматкерлерине жардам кѳрсѳтѳт. Жабыркаган аялга жасалма дем алдыруу жасашып, эсине келтиришкен. Бул аралыкта чакырылган тез жардам кызматы келип, жабыркаган аял киши Ош шаардык ооруканага жеткирилген. Учурда бул факты боюнча Ак-Буура милиция бѳлүмү иликтѳѳ иштерин жүргүзүп жатат.

Аялдын кокустукка кабылышы же суицидке барышы мүмкүн деген божомолдун үстүнѳн иш алынып барылууда деп билдирет Ош ШИИБдин Басма сѳз кызматы.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости