www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Башкы прокуратура парламенттик шайлоого катышкан эки партиядагы мыйзам бузууларды аныктады. Бул тууралуу бүгүн, 21-сентябрда башкы көзөмөлдөөчү органдын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, “Бир Бол” партиясынын мүчөсү А.Ч. Норвегиянын Кыргызстандагы Ардактуу консулу экени аныкталган. Бул консулдук кызмат адамдарына саясий ишмердүүлүк жүргүзүүгө тыюу салган мыйзамдардын талаптарын бузууга тиешелүү.

Бул боюнча  Башкы прокуратура Тышкы иштер министрлигине мыйзам бузууларды тезинен жоюу боюнча буйрук берди.

Ошондой эле Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөсү М.К. учурда Социалдык фонддун Кадамжай райондук бөлүмүнүн башчысы кызматын ээлейт. М.К. парламенттик шайлоодо “Замандаш” партиясынан талапкерлигин койгон.

Бул маселени карап чыгып, мыйзамдын талаптарына ылайык чечим кабыл алуу үчүн БШКнын жана Социалдык фонддун жетекчилерине кат жөнөтүлдү.

Белгилей кетчү жагдай, “КРнын Шайлоону жана референдумду өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” КР Мыйзамынын 22-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамы аймактык, участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөсү боло албайт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости