www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

17-сентябрда Гарвард университетинде Шнобель сыйлыгы (Ig Nobel Prize) тапшырылды. Илим-билимдин тармактары боюнча эң маанисиз ачылыштар үчүн жыл сайын берилип келген тамашалуу сыйлыкты тапшыруу аземи быйыл 30-жолу уюштурулду.

«Би-Би-Синин» маалыматына караганда, медицина тармагы боюнча сыйлык төмөнкү саясатчыларга ыйгарылды: АКШнын президенти Дональд Трамп, Орусиянын президенти Владимир Путин, Беларустун азыркы лидери Александр Лукашенко, Бразилиянын президенти Жаир Болсонару, Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсон, Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган, Мексиканын президенти Андрес Мануэль Лопес Обрадор жана Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов.

Шнобель комитети бул саясатчыларга сыйлык «адамдын өлүмүнө окумуштуулар менен дарыгерлерге караганда саясатчылар көбүрөөк таасир этерине дүйнөнү ынандыруу үчүн Covid-19 пандемиясын колдонгондугу» үчүн берилгенин белгиледи.

Коронавирус пандемиясына байланыштуу быйыл сыйлык тапшыруу аземи онлайн өтүп, жеңүүчүлөргө акчалай байге катары Зимбабвенин 10 триллион доллар номиналындагы банкноту тапшырылды.

Маалыматка караганда, Гурбангулы Бердымухамедов Шнобель сыйлыгын санитардык агартуучулук тармагындагы жетишкендиктери үчүн алды. Түркмөнстандын өкмөтү быйыл июлда коронавирустун жайылуусуна каршы президенттин дары чөптөр тууралуу китебинин негизинде чараларды көргөн.

13-мартта Бердымухаммедов элин вируска каршы адырашманды колдонууга чакырган. Президент бул чөптү «түркмөндөрдүн ата-бабалары миңдеген жылдар бою колдонуп келгенин, ал жаман адаттарга жана ар кандай жугуштуу ооруларга каршы даба болору далилденгенин» айткан. Өлкө башчынын бул билдирүүсүнөн кийин мамлекеттик мекемелерде, мектептерде жапырт түрдө адырашман менен ысырыктоо башталганы кабарланган.

Түркмөнстандын жетекчилиги дале болсо өлкөдө коронавирус жок экенин билдирип келет.

Булак: centralasian

Последние новости