www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ысык-Көл облусунда дээрлик 2000 адам каржы пирамидасынын курмандыгы болду. Келтирилген чыгым 100 миллион сомго бааланууда. Бул тууралуу Ысык-Көл облусунун прокуратурасы билдирди.

Маалыматка ылайык, алдамчылардын аракеттеринен жапа чеккен жарандар укук коргоо органдарына арыз менен кайрылууну улантууда. Каржы пирамидаларынын көпчүлүгү Балыкчы шаарында топтолгон. Мындай пирамидалардын уюштуруучулары расмий мамлекеттик органдарда кайрымдуулук фонддору, ЖЧКлар же жеке ишкерлер катары катталып, адамдарды алдашкан. Мисалы, жарандар пирамиданын эсебине 5000 сом которушкан жана 10-15 күндөн кийин 10 миң сом которушкан – пайда эки эсеге көбөйгөн.

“Ошентип, жабырлануучулардын саны 2000ге жетет. Каржы пирамидаларын уюштургандардын айрымдары камакка алынган, калгандары материалдар сот органдарынын кароосуна жиберилген, айрымдары боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат”, – деп билдирди прокуратуранын бөлүм башчысы Уланбек Сулайманов.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости