www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мекеменин басма сөз кызматы бүгүн кабарлагандай, иш Кылмыш-жаза кодексинин 189 ("Ачык соода-сатыктарды, аукциондорду же тендерлерди өткөрүүнүн тартибин бузуу"), 304 ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу"), 306 ("Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарына каршы контракт түзүү, мамлекеттик сатып алууну жүзөгө ашыруу") жана 308 ("Бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз пайдалануу") беренелеринин негизинде, минералдык жер семирткичтерди сатып алуу тууралуу мыйзамсыз контрактка кол коюу фактысы боюнча козголду.
Маалыматта 2016-жылдын 3-февралында Материалдык резервдер фондунун ошол кездеги жетекчиси Жоомарт Жумабеков Өзбекстандын жана Латвиянын жеке компаниялары менен келишимдерге кол койгону, натыйжада мамлекетке 7 миллион 810 миң сомдук зыян келтирилгени сөз болот.
Кылмыш иши тергөөнү улантыш үчүн тиешелүү органга жөнөтүлдү.
Булак: NazarNews.kg