www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 6-февралда Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Аида Салянованын сотунда ызы-чуу менен коштолду. Салянованын жактоочусу судья менен талашып тартышканын социалдык түйүндөр аркылуу көрүүгө болот.
Аида Саляновага карата кылмыш иши өткөн жылы ачылган. Ленин райондук соту карап, 10-октябрда депутатты беш жылга эркинен ажыратуу жана үй-мүлкүн конфискациялоо тууралуу чечим чыгарган. Андан тышкары Салянова өз жазасын үч жашар кызы 14 жашка толгондон кийин өтөй турган болгон.
Мурдагы башкы прокурор, ЖК депутаты Аида Салянова жогорку чечимди “саясий буюртма” деп, доо арыз менен Бишкек шаардык сотуна даттанган. Эске сала кетсек, Саляновага "Максим Бакиевдин өнөктөшү Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узарткан жана бул ишти жетиштүү иликтеген эмес" деп айып тагылган.
Мындай көрүнүштү Аида Салянованын учурдагы абалын саясый куугунтукталган саясатчылардын арасында табалагандар жок эмес. Анткени бир нече саясый камакта жаткан саясатчыларды темир тордун артына кеткенине Салянованын салымы өтө чоң экендигин айтып келишет. Ал тургай Салянова абройлуу кызматта турганда мурдагы депутат Бөдөш Мамырова ошондогу Башкы прокурор Аида Саляновага кайрылып ачуу чындыкты айткан.
Төмөндөгү видеотасманы эсиңиздерге салабыз.
Булак: NazarNews.kg