www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Башкы прокуратура Бишкек шаарынын түштүк тарабында жайгашкан "Ынтымак" сейил багынын курулушунда мыйзам бузуулар аныкталганын билдирди.

Ага ылайык, сейил бактын курулуш иштери Бишкек шаардык мэриясынын айрым кызмат адамдары тарабынан тиешелүү долбоордук-сметалык иш-кагаздары жок жүргүзүлгөн. Ошондой эле курулуш материалдарынын, айрым аткарылган иштердин көлөмү жана баалары негизсиз жогорулатылган.

Башкы прокуратура коомдук объектилердин курулуш иштери мамлекеттик сатып алуу жараяндарын аткарбай туруп жана лицензиясы жок жаран менен мыйзамсыз келишим түзүү аркылуу жүргүзүлгөнүн кошумчалады.

Маалыматка караганда, мындан тышкары квалификациялык талаптарга жооп бербеген сынактын катышуучулары жеңүүчү деп аныкталып, курулуш иштерине керектелчү материалды сатып алуу боюнча негизсиз келишимдер түзүлүп, мамлекетке чоң өлчөмдө зыян келтирилген.

Бул фактылар боюнча топтолгон материалдар 24-ноябрда Жазык кодексинин 234-беренеси ("Ачык тендерлерди өткөрүүнүн тартибин бузуу") жана 320-беренеси ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") менен Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Сотко чейинки өндүрүш иштери башталды.

"Ынтымак" сейил багы 2019-жылдын 30-августта ачылыш аземи болгон. Курулушка шаардык бюджеттен 90 млн. сомдон ашык каражат кеткени айтылган.Башкы прокуратура бул иш боюнча мэриянын кайсы кызмат адамдары шектүү экенин тактаган жок. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости