www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Борбордук шайлоо комиссиясына Кыргызстандын башкаруу формасын тандоо боюнча референдум өткөрүү жөнүндө мыйзам долбоору келип түштү. Бул тууралуу БШКнын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди.

Анын айтымында, Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети мыйзам долбоорун БШКга корутунду алуу үчүн жөнөттү.

Бекматов белгилегендей, мыйзам долбооруна кошумча-алымча киргизүү үчүн БШКга документ келип түшкөн.

"Мыйзам долбоору үч маселени камтыйт: референдумду 10-январга белгилөө, бюллетенге президенттик же парламенттик башкаруунун кайсы формасын тандай турганын жазуу жана референдум өткөрүүнү өкмөткө тапшыруу", - дейт ал. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости