www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанды Путиндин таасиринен чыгаруу үчүн Трамп тытынды. Кыргыз жарандарын АКШга кийирүүгө тыюу салды. Жаңы президент Байден бул Указын жокко чыгарып жатат. Коронавирус дарты ааламды каптабаганда  Кыргызстанда чаң-тополоң жазында эле болмок. Кыргыз элин үркүткөнгө Штаттар 4 млрд 200 млн. сомдук накта доллар жөнөтүшкөн. Былтыр ушул мезгилде диппочта Hillwood Airways америкалык авиакомпаниясынын чартердик рейси менен жалпы салмагы 880 килограммдык 26 мөөр басылып, абдан бекемделген ”упаковкада” АКШ элчилигине багытталып келген. Бул жүктү тосуп алыш үчүн Кыргызстандын АКШтагы элчилигинен 15 дипломат 5 автомашина менен барышкан. Мындан көп ондогон тонна дипломатиялык жүк келсе да ордунан козголбогон Штаттан, бул дипжүктү жандап келгендер жүнүн жешет. Демек бул жүк абдан баалуу экени белгилүү.

Бул жүктөрдү текшерүүгө кыргыз тараптын укугу жок. Жакшы байкагандар үчүн бул жүктө айтылбаган сыр бардай, АКШнын Кыргызстандагы элчилиги накталай акча алганы жыттанып турат. Көрсө, чын эле Бишкектин “Манас” аэропортуна 4 млрд 200 млн сомдук 60 млн накта доллар келип түшүптүр.

Штаттын элчилигине мынча акчанын кереги эмне? Буга төмөнкүдөй максаттар себеп болуп жаткандай:

  1.  2020-жылдагы парламенттик шайлоо учурунда АКШнын башкы “бомба жардыруучу” Демократияны колдоо боюнча Улуттук фонду (NED) батышчыл жарандык коомдордун, формалдуу эмес жаштар уюмдарынын лидерлеринин жана өлүп-талып, апыртып-жабыртып Батышты жактап-мактаган маалыматчылардын,  ушуларга көмөк көрсөткөндөрдүн гранттарын көбөйттү.
  2. Бардыгына белгилүү болгондой ушул жалакор адамдардын акча каражатын  Кыргызстандык өкмөттүк эмес уюмдар (НПО) бөлүштүргөн. Мунун арасында ЦРУнун тили менен айтканда саясий ыдык көргөн топтор бар. Мындай НПОлордун саны он. Ушулар акыркы убакта 786 млн 332 миң сом грант алышкан.
  3. Бул акча каражаттары Кыргызстандагы Москва менен мамиле түзүп жаткан мамлекеттик кызматкерлерге каршы пайдаланат. Бишкектин ЖККУ, ЕАЭБ, ШКУ сыяктуу эл аралык уюмдарга жакшы сөздөрдү айткандар тамыр түбүнөн жулунуп, аларга тескери сын айтууга бул акчалар жумшалат.
  4. Орусияны көздөй ишмердүүлүккө багыт алган мыйзамдарды, нормативдүү актыларды жокко чыгарган НПОлордун иш-аракети кубатталат.
  5. Кыргызстанга чек аралаш Өзбекстан жана Тажикстан менен болгон мамилесин татаалдантыш керек, ушундан улам чек арада ортого “от ташталып” чек арада чатакка чыгып турууга тийиш. 
  6. Кыргызстанда калып алып калган улуттук үй-бүлөлүк туруктуулукту түп тамырынан жок кылынып АКШнын Улуттук демократиялык институтуту (НДИ) жана ЮСАИД өкүлдөрү Гендердик теңчилик шылтоосу менен күйүп бараткан отко май тамызып туруу керек.
  7. Кыргызстандын коопсуздук органдарында Штаттын оюу боюнча реформа жүрүп, алар парламентке баш ийип турушу керек. АКШ парламентке өз адамдарын кийирип коопсуздук органдарын көзөмөлгө алууга тийиш.
  8. АКШнын башкы максаты Батышчыл саясатчылардын башын бириктирип, бир муштумга айлантып аларды мамлекеттик кызматтарга коюш керек. Бул үчүн өкмөттүк эмес уюмдардын парламенттик шайлоодо өз адамдарын депутат кылуу үчүн жан аябай иштөөсү зарыл.

 

 Ушундай кызматтар үчүн акча каражаттарын Кыргызстанга жөнөтүп жатышат. Эмне үчүн банк аркылуу которушпай, накталай акчаларды жөнөтүп жатышат, мунун да чоң себептери бар:

  1. Биринчи схема боюнча АКШнын Түндүк Каролина штатынын Чарлстон шаарында жайланышкан Казначылыктын расчеттук эсеби жана Таиланддун Бангкоктогу элчилигинен расчеттук эсеби боюнча акча каражаттары которулуп тура турган.
  2. Экинчи схема боюнча Алматыдагы АКШнын элчилигинин Башкы консулдугу тарабынан накталай акча каражаттарын грант жегичтерге ашатып турган.
  3. Биринчи схеманын же которуу жолу менен алган акчаларды алууну Кыргызстанда чыккан “Терроризмди каржылоого каршы аракеттер жөнүндө” мыйзам татаалдаштырып салган. Себеби, 1 миллион сомдон көп которулган акчаларды финансылык чалгындоо  текшерип турууга тийиш. Өздөрүнүн изин жашырыш үчүн америкалыктар акча берүү жаатын татаалдашытырып салышкан. Учурда акча каражаттары Штаттан түз келбейт. Алар Бенилюкска (Бельгия, Нидерланды, Люксембург)  жана Грузиянын аркандай фонддорунун филиалдарына которушат, алар Кыргызстандагы НПОлорго которушат.
  4. Штаттар башкысы накталай акчага басым жасай башташкан.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости