www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Башкы прокурор Курманкул Зулушев канча айлык алат?

Прокуратура кызматкерлеринин айлык маяналарын көтөрүү керек. Бул тууралуу Башкы прокурор Курманкул Зулушев бүгүн, 20-апрелде Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар жана Укук тартиби комитеттеринин биргелешкен жыйынында билдирди.

Анын айтуусуна караганда айлык маяналарды көтөрүү коррупцияга каршы күрөштө негизги кадамдар болуп саналат.

«Айлыктар аз, ачык айтып кетсем башкы прокурордун оклады надбавкалар кошулбаганда 28 миң гана сом, орун басарлардыкы 23-25 миң сом. Облус прокурорлору 20 миң сом, райондордун прокурорлору 17,5 миң сом, орун басарлары 16,5 миң сом, жөнөкөй оператиниктер менен жардамчылардыкы 12,5 миң сом гана. Коррупция менен жигердүү күрөшөбүз десек, прокуратура таза иштесин десек айлыктарга көңүл-буруп көтөрүшүбүз керек», — деди Зулушев.

Башкы прокурор Курманкул Зулушевдин отчетун парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери боюнча комитети, ошондой эле Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитети биргеликте угууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости