www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаты Зарылбек Рысалиев парламенттин тармактык комитетинин жыйынында Башкы прокурор Курманкул Зулушевден мурдагы башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов каякта экенин сурады.

Зулушев Жамшитовго карата бир факты же аны издөө тууралуу маселе болбогондуктан, ал эл катары эркин жашоодо экенин айтты.

«Эгер ал кишинин кандайдыр бир кылмышка аралашканы тууралуу билсеңиз, ачык айтсаңыз ошого жооп берели. Мен анын кемчилигиң байкаган да жокмун, бизде андай маалымат да жок. Ошондуктан каякта жашаганына да кызыккан жокпуз», - дейт Зулушев.

Депутат Рысалиев кимдин кандай иш кылганы баарына маалым экенин, Өткүрбек Жамшитовдун кандай иштегени боюнча айтып бере аларын кошумчалады.

Белгилей кетсек, бүгүн, 20-апрелде Башкы прокурор Курманкул Зулушев парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери боюнча комитети, ошондой эле, Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетине отчет берүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости