www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору М. Асаналиев 2025-жылдын 3-октябрында Ереван шаарында өткөн КМШга мүчө мамлекеттердин коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча Мамлекеттер аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышты.

Жыйында регионалдык өз ара аракеттенүүнү чыңдоо, прокуратуралык көзөмөлдүн натыйжалуулугун жогорулатуу, эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү жана мыкты тажрыйбаларды алмашуу маселелери каралды. Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору өз сөзүндө бизнес субъектилерин коррупциялык тобокелчиликтерден коргоонун системалуу механизмдерин түзүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, Кыргызстанда прокуратуранын ишмердүүлүгүн санариптештирүү жана ишкерлердин укуктарын коргоо боюнча чаралар ырааттуу түрдө ишке ашырылып жатканын баса белгиледи.

Программанын алкагында Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору М. Асаналиев Армения Республикасынын Башкы прокурору А. Вардапетян менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. Тараптар ведомстволор ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүнүн келечектерин талкуулап, коррупцияга каршы аракеттенүү, кадрларды даярдоо жана биргелешкен демилгелерди ишке ашыруу маселелерине өзгөчө көңүл бурушту.

Последние новости