www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 29-декабрда, Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору Максат Асаналиев Ысык-Көл облусунун Түп районунун прокуратурасынын жаңы административдик имаратын салтанаттуу түрдө ачты.

Ачылыш аземинде Башкы прокурор жаңы имараттын пайдаланууга берилиши аймактагы прокуратура органдарынын ишин уюштурууну жакшыртууга, жарандардын укуктук кайрылууларын ыкчам жана натыйжалуу кароого, ошондой эле кызматтык ишмердүүлүктүн сапатын жогорулатууга өбөлгө түзөрүн белгиледи.

Белгилей кетсек, буга чейин Түп районунун прокуратурасынын кызматкерлери 1970-жылы сактык кассасы катары курулган, эксплуатациялык мөөнөтү өтүп кеткен имаратта иш жүргүзүп келишкен. 2025-жылдын июль айында жаңы административдик имараттын курулушу башталып, анын жыйынтыгында прокуратура органы заманбап талаптарга жооп берген жаңы имаратка ээ болду.

Жаңы имарат кызматкерлер үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүп, прокуратура органдарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган.

Последние новости