www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-лейтенант Бообек Ажикеев, кызматтык ишмердүүлүгүндө жогорку жетишкендиктерге жетишкен кызматкерлерди министрликтин ведомстволук сыйлыктары менен сыйлады.
Салтанаттуу иш-чарада министр куттуктоо сөзүн сүйлөп, сыйлык алган кызматкерлердин Өзгөчө кырдаалдар министрлигин ар тараптуу өнүктүрүүгө кошкон салымын, өрт кырсыктарынын алдын алууда, табигый жана техногендик өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюуда, ошондой эле адам өмүрүн сактап калууда көрсөткөн жан аябас эмгегин белгиледи.
Анын айтымында, бүгүн тапшырылган сыйлыктар кызматкерлерди мындан ары да жоопкерчилик менен иштөөгө, жаңы жетишкендиктерди жаратууга шыктандырат. Министр жыл ичинде кызмат өтөгөн ар бир кызматкердин эмгеги, кесипкөйлүгү жана демилгечилдиги жогору баалоого татыктуу экенин кошумчалады.