www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 23-апрелде Башкы прокурордун орун басары Каимов Н.У. Француз Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Николя Фай мырза менен жолугушту.
Жолугушууга ошондой эле Франциянын Россия Федерациясындагы Элчилигинин ички коопсуздук маселелери боюнча атташеси Оливье Деэр катышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө өз ара аракеттенүүнүн негизги багыттары, анын ичинде компетенттүү органдардын ыкчам кызматташтыгы жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга, киберкылмыштуулукка каршы чаралар талкууланды.
Ошондой эле Кыргыз Республикасынын кылмыш иштери боюнча өз ара укуктук жардам көрсөтүү жөнүндө Европа конвенциясына кошулуу маселесине өзгөчө көңүл бурулду.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар мындан ары да конструктивдүү жана өз ара пайдалуу кызматташууну өнүктүрүүгө кызыкдар экендиктерин белгилешти.