www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Талас Бегалиев 14 жылга кесилди

Чүй облустук сотунун 23-апрелдеги чечими менен Көк бөрү федерациясынын мурдагы президенти Талас Бегалиев 14 жылга эркиндигинен ажыратылды. 

Чүй облустук соту Талас Бегалиевди Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси ("Опузалап талап кылуу"), 262-беренеси ("Кылмыштуу топту түзүү же ага катышуу"), 263-берене ("Уюшкан топторду жана кылмыштуу коомдоштуктарды каржылоо") жана 222-беренеси ("Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу (адалдоо)") боюнча айыптуу деп тапты. Натыйжада мүлкүн конфискациялоо менен 14 жылга эркиндигинен ажыратылып, сот залынан камакка алынды.

Буга чейин Бишкектин Октябрь райондук соту 20-февралда Талас Бегалиевди актап, абактан бошоткон. Ал Көк бөрү федерациясынын президенти болуп 2022-2023-жылдары иштеген. Ошондой эле, ички иштер органдарында ар кандай кызматтарда, анын ичинде уюшма кылмыш топторуна каршы күрөш бөлүмүндө жетекчилик кызматтарда 1998-жылдан 2016-жылга чейин иштеп, пенсияга чыкан. 

Ал Бээжин Олимп оюндарында грек-рим күрөшүнөн күмүш медал алган Канат Бегалиевдин бир тууган агасы.

Последние новости